res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Бардыгы үчүн экономика :: Кыйын күндөрү кызмат көрсөткөндөр Катаал күндөрү кайдыгер калбагандар

  • 24 Июнь 2010

    Кыйын күндөрү кызмат көрсөткөндөр Катаал күндөрү кайдыгер калбагандар

    Кыйын күндөрү кызмат көрсөткөндөр Катаал күндөрү кайдыгер калбагандар

    Өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн окуялар аларга мамлекет тарабынан өз учурунда көңүл буруп, кийлигишүүнү талап кылды. Ансыз да Убактылуу Өкмөтттүн биринчи кезекте чечүүчү көйгөйлөрү жетиштүү болуп турганына карабастан, аталган аймактардагы окуялар коомдук тартипти орнотуу үчүн ири адам ресурстарын, жана гуманитардык катастрофаны болтурбоо үчүн чоң материалдык ресурстарды талап кылды. Мунун баарын коопсуз жана оперативдүү жеткирүүнүн бирден-бир жолу аба транспорту болуп калды. Ушундай учурда “Манас” Эларалык аэропортундагы кыргыз-австриялык “Компания Манас Менеджмент” жабык акционердик коомунун абадан жүк ташуучу борбору чоң роль ойноду. Анткени, түштүккө жөнөтүлгөн жүктөрдүн баары ушул компания тейлеген терминал аркылуу өтүп жатты.

    Аталган акционердик коомдун кызматкерлерине түшкөн оордукту элестетүү үчүн 13-июндан 23-июнга чейинки аралыкта эле гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн 54 авиакаттам (күнүнө орточо 5 каттамдан), мындан тышкары автокербендерден 6 каттам жүктөлүп жөнөтүлгөндүгүн айта кетсек жетиштүү. Жалпысынан борборго 1570 тоннага жакын гуманитардык жүктөр келип түшүп, анын 1500 тоннадан ашууну жөнөтүлгөн.

    Келип түшкөн жардамдын баарын ошол жерден кабыл алып, терминалга түшүрүп, жыйып, андан кийин кайра самолетторго жүктөө зор эмгекти талап кылды. Негизги оорчулук кыргыз-австриялык (акциялардын 80 пайызы австралиялык жарандарга тиешелүү) “Компания Манас Менеджмент” жабык акционердик коомунун эмгек жамаатына түшкөн. Бирок, өлкөдөгү абалды туура түшүнүшкөн компаниянын акционерлери, жетекчилиги жана жалпы эмгек жамааты бул күндөр аралыгында тыным алышпастан, сутка бою эмгектенишкен. Компаниянын адистеринин эсеби боюнча, акыркы эле күндөрү түштүк аймакка кетүүчү жүктөрдү автоунаалардан түшүрүү, кабыл алуу, каттоо, сактоо жана кайрадан самолетторго жүктөп жөнөтүү боюнча компаниянын жалпы чыгымдары 7,8 миллион сомду түзгөн. Бул чыгымдарды компаниянын жетекчилиги ушундай кыйын кырдаалда Кыргызстанга жардам катары эсептеп коюуну чечишкен.

    - Биздин жүк ташуучу терминал жылына 100 миң тоннага эсептелген, штаттык режимде иштегенде суткасына 100 тоннага чейин жүктү кабыл алып, жөнөтө алат, - дейт компаниянын коммерциялык директору Адилет Нурхалиев. - Терминал эл аралык бардык нормаларга жооп берет. Жарандык авиациянын эларалык уюмунун аудити өткөн жылы аны дагы бир жолу тастыктаган. Азыр адатта жылына 20 миң тонна жүк өтөт. Башкача айтканда, биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз 20 пайызга гана пайдаланылат.

    Ал эми өлкө үчүн кайгылуу күндөрдө суткасына 250 тоннага чейин жүктөрдү өткөрө алдык. Бул үчүн биздин өзүбүздүн 40тай кызматкерлерибиз эки-үч сменде иштеп жатышты. Компаниянын администрациясы да күн-түн дебей ушул жерде болуп жатты. Ошондо да жардамчы күчтүн жетишпегендиги пайда болгондуктан, биз жарандарга жардам сурап кайрылдык. Маалымат каражаттарында, агенттиктеринде, интернет сайттарда жайгаштырылган «гуманитардык жардамдарды жүктөө боюнча киши колу керек болуп жаткандыгы боюнча» бул кайрылууну угушкан, окушкан көптөгөн адамдар ыктыярдууу жардамга келишти. Керек болгон учурда түндөп да иштеп жатышты. Биз алардын баарына рахмат айткыбыз келет. Алардын арасында биздин эле жарандар эмес, Кыргызстанда жашап жана окуп, же иштешип жатышкан америкалык, германиялык, канадалык, франциялык жарандар да болушканын белгилеп өткүм келет. Биздин компания аларга тамак-аш берүүнү да өз мойнуна алды.

    Албетте, авиациялык коопсуздуктун өзгөчө талаптары бар, ошондуктан биздин адистер жүк жүктөөдө жардамга келишкендер менен алгач тиешелүү инструкция өткөрүшүп, анан иштетип жаттык. Убактылуу Өкмөттөн координатор, “Манас” Эларалык аэропортунун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, башка тиешелүү мекемелердин жооптуу кызматкерлери да биргелешип иштешип, жүктөрдүн жөнөтүлүшүн уюштурууга көз салып жатышты.

    Авиаотун ташыган компания гуманитардык жүк ташыган самолеттор үчүн жардам катарында 200 тонна күйүүчү май бөлсө, бир катар авиаташуучулар жүктөрдү ташуу үчүн самолетторун беришкен. “Манас” Эларалык аэропорту ал каттамдарды жөнөтүү, кайра келгендерин кабыл алуу боюнча оперативдүү иштеди. Мына ошондуктан, бул компаниялар тыгыз иштешүү менен жабыркагандарга гуманитардык жардамдарды тез жеткирүү боюнча маселени чече алышты.

    - Биздин терминал жүктөрдүн мынчалык көлөмүн өткөрүүгө эсептелген эмес, - дейт А.Нурхалиев. - Ошондуктан кампаларыбызда бош орун жок болуп калды. Андан тышкары бастырмаларыбыз да толуп кеткендиктен, гуманитардык жүктөрдү “Манас” аэропортунун перронуна түшүрө баштадык. 13-июнь күнү Жарандык авиация департаментинде оперативдүү кеңешме өткөндө, бизге эскертилгендиктен биз мындай оорчулукка даяр болуп турганбыз. 14-июндан 20-июнга чейин жүк эң көп келди. Ал учурда автоунаа транспорту менен жүктөр жөнөтүлбөй жаткан. Бүгүн АН-24 самолетуна медикаменттерди жүктөдүк.

    Эми биздин терминалда калган 55 тоннадай жүк 3-4 күн аралыгында автокербен менен жөнөтүлүүгө даяр турат; аны да биз жүктөп бермекчибиз. Анткени самолет менен жүк ташуу өтө кымбатка түшүп жатат. Зарыл болгодуктан гана ушул кадамга барууга туура келген. Азыр гуманитардык жүктөр Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кампаларына жеткириле баштады.

    Гуманитардык жүктөрдүн арасында негизинен тамак-аш продуктылары, кийим-кече, дары-дармектер болгон. Терминалдык кызматкерлери ыктыярдуулар менен бирге аларды сорттоп, өз-өзүнчө менен жайгаштырууга да аракеттенишкен.

    Кыргыз-австриялык “Компания Манас Менеджмент” жабык акционердик коому борттук тамактандыруу борборуна да ээ. Башкача айтканда ал биздин авиташуучулар жана “Манас” Эларалык аэропорту аркылуу аткарылган авикаттамдар үчүн тамактарды даярдайт. Бул жолу гуманитардык жүктөрдү ташыган самолеттордун экипажын да тамактар менен камсыз кылып турушту.

Бардык документтер