res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Китепкана

Китепкана

КөлөмЖүктөө
Каржы темалары массалык маалымат каржаттарында.pdf
19 Апрель 2011

Каржы темалары массалык маалымат каражаттарында (окуу колдонмосу)

Окуу колдонмо - Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу тарабынан ишке ашырылган «Журналисттер үчүн каржы сабаттуулугу» долбоорунун жүрүшүндө, кыргызстандык ири эксперттер тарабынан окулган лекциялардын топтомунун уландысы катары жарык көрдү. Аталган долбоор жеке ишкердикти колдоо эларалык Борбору (CIPE) тарабынан каржыланат. Колдонмонун ар бир темасы журналистке эң зарыл болгон глоссарийлер менен коштолуп, кээ бирлери макалалар жана аларга болгон комментарийлер менен жабдылган. Колдонмону ыкылас коюп окуу аркылуу, азыркы күндө иштеп жаткан жана болочокто иштей турган журналисттер каржы рыногунун иштөөсүнө байланышкан суроолорду жакшы түшүнө алышат. Ошондой эле, бул банктардын жана кредиттик капиталдын реалдуу экномикадагы ролу, фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, акча-кредит саясатынын, валюталык рыноктун жана мамлекеттик карыздардын аспекттери тууралуу материалдарды даярдоодо журналисттерге көмөктөшөт. Бардык автордук укуктар корголгон. Колдонмодон алынган маалыматты пайдаланууда булакка шилтеме берүү сөзсүз түрдө талап кылынат. Пайдалануу фактылары боюнча nadya.dobretsova@gmail.com электрондук дарегине кайрылууңуздарды суранабыз. Колдонмо жеке ишкердикти колдоо эл аралык Борбору (CIPE) тарабынан каржыланган жана Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу тарабынан ишке ашырылып жаткан «Корпоративдик башкарууну билим жана баарлашуу аркылуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында даярдалып, жарык көрдү.

4826.67KB Жүктөө
Budget_Manual_MassMedia_KYR.pdf
19 Апрель 2011

ММК үчүн бюджеттик маалыматнаама: "Сандар бийлиги же сандар бийлик тууралуу"

Бюджет тууралуу маалыматнаама журналисттерге бюджеттин бардык түрүнө карата негизги түшүнүктөрдүн жана учурдагы кырдаалдын жөнөкөй сүрөттөмөсүн берет. Маалыматнаама мисалдар, макала даярдоодо схемалар, маек үчүн суроолордон турган практикум менен толукталган. Мындан сырткары маалыматнамага бюджеттик жана экономикалык терминдердин, түшүнүктөрдүн чечмелемеси (глоссарий) кирди. Глоссарий өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында чагылдырылган бюджетке байланыштуу актуалдуу маселелерди жана кыргызстандык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен журналисттер үчүн даярдалды. Бюджет тууралуу маалыматнама Н. Добрецованын жана 2009-жылы негизделген КФБ пресс-клубунун “Экономикалык журналистика” автордук түрмөгү алдында чыкты жана редакторлорго, журналисттерге, журналистика факультетинин студенттерине арналат; “Кыргызстан-Сорос” фондусунун бюджет айкындыгы жана отчеттуулугу программасы колдоого алган долбоордун алкагында даярдалды. Бардык укуктар корголгон. Бул топтомдогу материалдарды толугу менен же кайсы бир бөлүгүн кол- донууда сөзсүз шилтеме жасалышы керек. Материалды колдонуу факты тууралуу nadya.dobretsova@gmail.com, press@kse.kg электрондук дареги аркылуу авторго маалымат берүүңүздү өтүнөбүз.

3653.57KB Жүктөө