res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Бардыгы үчүн экономика :: Кыргызстандын жыртык капчыгы же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?

  • 11 Февраль 2011

    Кыргызстандын жыртык капчыгы же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?

    Кыргызстандын жыртык капчыгы  же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?

    Февраль 7, 2011, Канат Нуркулов

    Акыркы кездерде эл арасында «үчүнчү революция» болуп кетүүсү мүмкүн деген сөз коп айтылчу болду. Чынын айтканда, башаламандыктан Кыргызстан эли тажап деле бүттү. Ачыгын айтсак, мындай үрөй учурчу ушак-айыңдардын айтылуусу өлкөдөгү оор экономикалык абал менен байланыштуу. Жөн гана оор эмес, өлкө экономикасы кыл учунда турат десек да болчудай.
    Ооба, Орусия күйүүчү-майлоочу каражаттарга болгон Бажы төлөмүн алып салгандан кийин бул каражаттарга болгон баа төмөндөдү. Бирок, бензиндин арзандоосу менен күтүлгөн башка эл керектөөчү товарлардын асмандап өскөн баасы түшкөн жок. Тескерисинче, карматпай өсүүнүн гана үстүндө. Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр арасында дайыма кайсы бир маселеде биз БИРИНЧИ «ооз тийдик» деп мактанып келгени менен, карапайым элдин жашоосу мындан өйдөлөп кеткен жок. Мындайча айтканда, халва, халва дей берген менен оозу татуу болбоду. Акыркы маалыматтарга караганда, тамак-ашка болгон дүйнөлүк баанын өсүү деңгээли 16-17%ды түздү. Ошого байланыштуу Кыргызстанда да эң керектүү товарларга болгон баа өстү. Кыргызстандыктар жаңы өкмөттүн «Орусия бажы төлөмүн алаары менен жашооңор бейишке келет» деген убадасынын үзүрүн көрө албай, оозун куу чөп менен аарчып турган учуру.
    Баалардын өсүшү эң негизги азыктар менен бирге тейлөө тармагын да өз кучагына алууда. Мындай кымбаттоонун кесепети эң оболу калктын аялуу катмары болуп эсептелген пенсионерлерге жана социалдык тармактын кызматкерлерине:мугалимдер менен медицина кызматкерлерине тиери бышык.
    Кыргызстан көп жылдардан бери КМШ өлкөлөр арасында өзүнүн экономикалык көрсөткүчтөрү менен артынанан санаганда биринчи орунду эч кимге бербей келет. Орто Азияда Кыргызстан жарандык согушту башынан кечирген Тажикстандан да артта тураарын эскертүүнүн кажети жоктур. Жогоруда айтылгандай, баалардын күн санап асмандап өсүп жатканына карабастан, пенсия жана эмгек акынын өлчөмү ошол бойдон турат. Жаңырган жылдын биринчи кварталы бүткөнү калганына карабастан, өлкөнүн 2011-жылга бюджети али да кабыл алына элек. Каржы министри жылкы теппей, жылан чакпай отставка сурап, анын себебин ЖКнын Каржы жана бюджет комитетине шылтай коюп кете берди. 3-февралда ЖКнын аты аталган комитетинин жетекчиси Акылбек Жапаров журналисттер үчүн берген маалымат-жыйынында бул маселе тууралуу: «Анын эл аралык уюмдардан алган мыкты тажрыйбасы бар. Бирок мен чындыкты айтып коюшум керек. Чоробек Имашев биздин комитеттин 9 жыйынынын бирөөнө гана катышты, ал эми 3 пленардык жыйындын бирине да катышкан жок. Менин оюмча, министрдин милдети бюджетти коргоо жана бир жылдан кийин келип отчет берүү. Эгер Ч. Имашев муну жасагысы келбесе, өкмөт башчысы тиешелүү чара көрүүсү абзел деп эсептейм деп билдирди. Ушул маалымат жыйында 2011-жылдын бюджетине байланыштуу башка дагы бир топ маселелер ачыкка чыкты.
    ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинен алынган маалыматка караганда, өкмөт сунуш кылып жаткан бюджетте корсөтүлгөн салык жана бажы төлөмдөрүн көбөйтүүнүн эсебинен 2,5 млрд. сом жана казынанын киреше болүгүнүн 7.5 млрд. сомго өсөт деп көрсөтүлгөн сумма эч кандай документ, каржылык булак менен негизделбеген. Бюджеттин баардык киреше-чыгашасы реалдуу каржы булагы менен бекемделиши керек эмеспи. Балким, ошон үчүн Комитет мындай мүнөздөгү 2011-жылдын бюджети жана 2012-2013-жылдарга болгон божомолдуу чечим менен макул боло албаган чыгар.
    Маалым болгондой, өкмөт УОнун декреттери менен кайрадан улутташтырылган мүлктөрдүн эсебинен кошумча 4 млрд. сом киреше көрүүнү бюджетке киргизген. Эскерте кетсек, көпчүлүк улутташтырылган мүлктөр боюнча сот чечими чыга элек. Дегеле мыйзам боюнча, мындай процедура белгилүү бир убакытты талап кылат.
    Ошондой эле, мамлекеттик баалуу кагаздар 2011-жылга 1 млрд. 395,6 млн. сом, 2012-жылга — 1 млрд. 440,3 млн. сом жана 2013-жылга млрд. 624,3 млн. сом каралганына карабастан, ички булактардан түшчү киреше катары мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуунун негизинде 2011-жылдын эсебине 5 млрд. 160 млн. сом киргизилгендиги түшүнүксүз маселе бойдон калууда.
    Дагы бир түшүнүксүз болуп жаткан маселе, жардам иретинде Орусиядан $30 млн., Түркиядан , $10 млн., Кытайдан $ 1млн., Дүйнолук Банктан $13,1 млн. өлчөмүндө келген каражаттардын кайда, кандай максатта коротулгандыгы тууралуу маалыматтын жоктугу. KG-leaks жарыялаган материалдардагы «кайсы бир банк ячейкаларынан алынган бир нече млн. тууралуу» кеп башка болот.
    2010-жылы өлкө болуп корбогондой бюджет таңкыстыгына дуушар болгон. Ал өткөн жылдарга караганда дээрлик 5 эсеге өскөн. Салыштыруу үчүн айта кетсек: 2004-жылы мамлекеттик бюджеттин киреше-чыгаша болүгү биригип 17 млрд. сомду түзүп, бюджет танкыстыгы 5,5 млрд. сом болгон болсо, ушул эле көрсөткүч 2008-жылы 48 млрд. сомду түзүү менен таңкыстык нөлгө барабар болгон. ИДПнын номиналдык көлөмү дээрлик эки эсеге өскөн, цифра түрүндө айтсак 100 млрд. сомдун тегереги болгон болсо, ал 3 жыл аралыгында ИДП 200 млрд. сомго жеткен. 2005-жылга чейин болуп келген мамлекеттик каражаттардын сол жакка агып кетүүсүнө шарт түзгөн министриликтер алдындагы ар кандай фонддор өз ара эсептешүү, атайын каражаттар буулган.
    ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин жетекчиси А. Жапаровдун пикиринде 2011-жылдын бюджетин кароодо бир катар кыскартууларды кабыл алуу керек. Анын эсеби боюнча, мамлекеттик аппараттардын кызматтык автомашиналарын кыскартуудан гана өлкө казынасы жылына 600 млн. сом үнөмдөсө болот. Андай автомашиналардын саны 1500. Бошогон автолорду аукцион аркылуу сатып, казынага белгилүү бир өлчөмдө киреше түшүрсө болот. Бул да болсо кошумча каражат эмей эмне?
    2011-жылдын бюджетинде ошондой эле ЖК менен Президент, Премьер-министр жана анын аппаратынын эмгек акысын тендештирүү каралган. Бул тууралуу ошол эле маалымат-жыйынында белгилүү болду. Көрсө, Президент жана Өкмөттүн аппараты өздөрүн капа кылбаган экен. Жакында эле кыргыз тилдүү ММКларда өлкө азыркыдай экономикалык оор абалга тушуккан учурда Президенттин маянасы 126 миңди чапчыйт экен деп жазышканы белгилүү. Президенттин басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка жатпай тургандыгын жарыялаган. Ага удаалаш Президент өзү да Премьер-министр, Спикер жана Президенттин маянасы аран 30 миң экендигин билдирген. Парламенттик башкаруу ситемасы менен жашаган өлкөдө Президент менен Өкмөт башчы Парламент спикеринен көп маяна алганы туура эмес. ЖК Спикери 25 миңдин тегерегиндеги сумма тууралуу кеп кылган жайы бар. Андыктан, кимге ишенип, кимге ишенбөөнү ар ким өзү чечээр..
    Жакынкы күндөрү жаңы маалыматтарды күтө берсек болчудай. Анткени, Президенттин аппаратына ушул маселе боюнча атайын суроо жөнөтүп, алар кол коюп алып жүргөн кассалык ордериндеги сумма тууралуу маалыматты журналисттер менен бөлүшөрүн убада кылды депутат.
    Мамлекеттик казынанын кумга сиңген суудай жоголгон каражаттары каякка кетип жатат? ЖК трибунасынан бул маселеге байланыштуу бир топ кызыктуу мисалдар айтылганы белгилүү. Айта кесек, Кыргызстанда 695 май куюучу станция болсо, алардын 15 %ы гана («Газпром Нефть Азия») баардык салыктарды төлөшөт, а калгандары ар кандай денгээлдеги аткаминерлерлердин “крышасы” астында жашап келишет. Бир жылда Кыргызстанга 1,2 – 1,5 млн. тонна ГСМ киргизилсе, анын 475 мин тоннасы «Газпром Нефть Азиянын»үлүшүнө туура келет. Төлөгөн салыгы 2, 6 млрд. сом. Бул баардык ташылып келинген ГСМдин 35-40%ын түзөт. Калгандары дээрлик төлөшпөйт. Демек, эгерде көмүскөдөгү мындай буйтамайларды ачыкка чыгарсак, өлкөказынасы 5 млрд.сом өлчөмүндө кошумча каражатка ээ болмок.
    Ушундай эле абал аэропорт “Манастын”, “Mina Group Corporation” Май куюуучу комплексинин, “ГП “Кыргыз Темир Жолу”, “Кыргызалтын”, алкоголдук жана тамеки каражаттарын өндурүүчү ишканалардын тегерегинде болуп, мамлекеттик казынаны буйтап млрддаган сомдор өтүп жатат. Бул мурдатан түзүлгөн схема дагы да болсо иштеп жатат дегендик. Ал эле дейсизби, азыр керек болсо, коррупциялык схемалардын жаны түрлөрүн иштеп чыгып жаткандары жашыруун эмес.
    Карапайым калк “УО өлкө көйгөйлөрүн чечет, өлкөдө тартип орнотот, алар эч качан мамлекеттин байлыгын уурдашпайт” деп үмүт кылышкан эле. Тилекке каршы андай болгон жок. УО мүчөлөрү да, коалициялык өкмөт мүчөлөрү да убактысы келгенде эл ууруларды жарга такай турган маал болоорун унутуп коюшкандай. Ырас андай экен, эмне үчүн ишти таза барактан баштаганга болбосун? Эмне үчүн Кыргызстандын жарандарын Акаевдики-Бакиевдики, түндүктүк-түштүктүк деп болбой кесипкөй адистердин кеңеши менен иш алып барууга болбосун? Өлкөгөкесипкөйлөр аба менен суудай зарыл болуп турганын эмне үчүн эл жакшылары түшүнүшпөйт? Саясат менен алектенип өзүн мактап атын чыгаруучу мезгил эмес экени түшүнүп жетүүчү мезгил келип жетпедиби?!

    P. S. Белгилүү болгондой 2011-жылдын 9-февралында республикалык бюджеттин 2011-жылга карата долбоору боюнча өкмөттүк угуу белгилениптир.
    Анда көрсөтүлгөндөй, бюджеттин ушул жылга карата киреше бөлүгү 68 млрд. сом, чыгаша бөлүгү 89 млрд. сомду түзүп, бюджет таңкыстыгы 21 млрд. сом болоору күтүлүүдө. Таңкыстыктын өлчөмү ИДП карата 8,7 %ды түзүүдө. Эскерте кетчү жагдай, ЖК бул көрсөткүч 5% дан ашпоосун сунуш кылган болчу. “Кыргыз Республикасынын 2011-жылга бюджети жана 2012-2013-жылга карата болжолу тууралуу” мыйзамдын долбоорунда чыгаша бөлүгү биринчи долбоордогу вариантына караганда 10 млн. сомго көбөйтүлгөндүгү маалым болду. Бул каражаттар социалдык тармакка, анын ичинде билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүүгө жумшалат.

    Булак: "Эл сөзү"

Бардык документтер