res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Бардыгы үчүн экономика :: Бюджет – бул мезгилдин белгиленген убагына кирешелер менен чыгашалар жазылган финансылык план.

  • 28 Январь 2011

    Бюджет – бул мезгилдин белгиленген убагына кирешелер менен чыгашалар жазылган финансылык план.

    Бюджет – бул мезгилдин белгиленген убагына кирешелер менен чыгашалар жазылган финансылык план.

    «Алай таңы» райондук гезити (Ош облусу), №35, 15.12.2010

    Бюджет – юридикалык күчкө ээ документ, ал отчеттуулукту жана башкаруунун айкындыгын жүргүзүү үчүн курал.

    Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат.

    Жергиликтүү бюджет - айылдын, шаардын, райондук бюджеттердин түзүлүп аларды бекитип, аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.

    Жергиликтүү бюджетке кирешелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына түшүүчү акчалай каражаттар.

    Ал эми жергиликтүү бюджеттин чыгашалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын каржы жагынан камсыз кылууга багытталган акчалай каражаттар. Ошондой эле жергиликтүү бюджетте өзүн-өзү толук каржылай албай турган бюджеттерге, республикалык бюджеттен трансферттер берилет. Бул деген Кыргыз Республикасынын бир деңгээлдеги бюджетинен башка деңгээлдеги бюджеттик тутумуна жеке же юридикалык жакка бюджеттен берилүүчү бюджеттик каражаттар.

    Гранттар – максаттуу, теңдөөчү гранттардан жана үлүштүк гранттардан турат. Гранттар-республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бекер жана кайтарылбас негизде берилүүчү трансферттер.

    Жергиликтүү бюджеттин кирешелери жергиликтүү салымдардан жана жыйымдардан, салык эмес төгүмдөрдөн турат.

    Кыргыз Республикасынын салык боюнча мыйзамдарында каралган жергиликтүү салыктар менен жыйымдар жана жер салыгы жергиликтүү бюджетке келип түшөт.

    Жергиликтүү салык эмес төгүмдөр муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн келип түшүүчү кирешелер, айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фонддорунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынган ижара акылар, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруудан түшкөн кирешелер, продукцияларды сатып өткөрүүдөн, башка салыктык эмес төгүмдөрдөн түшкөн кирешелер келип түшөт.

    1.Максаттуу гранттар: республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды каржылоонун муктаждыктарына атайын бекитилген формуланын негизинде бөлүнөт.

    2.Теңдөөчү гранттар: жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин потенциалы менен жергиликтүү коомдоштуктун чыгашаларын каржылоого жумшалуучу жергиликтүү бюджеттин муктаждыктарынын ортосундагы финансылык ажырымды эсепке алып каржыланат.

    Теңдөөчү гранттар КР Өкмөтү бекиткен формуланын негизинде эсептелет жана бөлүштүрүлөт.

    3.Үлүштүк гранттар: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына атайын комиссиянын чечими менен конкурстук негизде берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үлүштүк гранттарды алууга КР Өкмөтү бекиткен шарттарга ылайык табыштама берүүгө укуктуу.

    4. Өз ар эсептешүүлөр: Жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары көбөйтүлүүчү же кирешелери азайтылуучу ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурларда (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынан башка) тиешелүү суммалардын орду республикалык бюджеттен толтурулат. Ал эми жергиликтүү бюжеттин чыгашалары азайса же кирешелери көбөйсө тиешелүү суммалар республикалык бюджетке алынып коюлат.

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддору-жергиликтүү бюджеттерде каралбаган социалдык-экономикалык программалар менен долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн ыктыярдуу салымдардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү фонддор.

    Бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

    Жергиликтүү бюджеттердин салык салуу базасын жана аларга бекитилген салыктардын тизмесин кеңейтүү менен бирге берилүүчү трансферттерди кыскартуу;

    Жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүүгө кызыктыруу үчүн иш-чараларды иштеп чыгуу;

    Коммуналдык кызматтардын чыгымдарын факты боюнча керектелген көлөмдөрүнүн эсеби менен карап, категориалдык жана теңдештирүүчү гранттарды берүү ыкмасын өзгөртүү;

    Жергиликтүү бюджеттерди программалык курууга толук өткөрүүнү камсыз кылуу;

    Бюджеттин кызматтарын калк үчүн жеткиликтүү болушун теңдештирүү;

Бардык документтер