аналитика
Экономика тууралуу эң мыкты эксперттик ой-пикирлер, баалар жана божомолдоолор >>
res=kg
Кирүү жана катышуу эрежелери. Экономикалык журналисттердин профессионалдык коомчулугунун мүчөсү бол! >>
Альбомы и фотографии из жизни Пресс клуба >>
Биздин өлкөдөгү рынок мамилелеринин өнүгүшүн мамлекеттин колдоо аракеттеринен улам эмес, мамлекеттик түзүмдөрдүн бут тосконуна карабастан болуп жатат деп баа берген туура болчудай. Анткени биздеги акаевдик, бакиевдик бийликтер учурундагы мамлекеттик түзүмдөрдүн декларативдүү билдирүүлөрү гана болбосо, иш жүзүндө бул тармак бийлик башындагылардын бир ууч тобунун кызыкчылыктарында гана иштеп келген.
Ошол эле замат өлкөнүн баалуу кагаздар рыногундагы финансылык аналитиктер бул окуяга баа берүүгө ашыгышты. “Сенти” финансы компаниясынын директору, белгилүү финансы аналитиги Нелии Симонованын пикири боюнча, бириккен фондулук биржа фондулук рыноктогу көмүскө сектордон чыгуунун рычагы болуусу күтүлүүдө. Анткени фондулук рынок ачыктык шарттарында гана өнүгүшү мүмкүн.
Аналитиктин пикири боюнча, биржалар биригишкенден кийин Финансы министрлиги, өлкөнүн Улуттук банкы менен өз ара аракеттенүү жеңилдеп, мамлекеттик органдардын бул рынокко активдүү көңүл буруусу пайда болот. Буга чейин рынокто эки проблема – мамлекет тараптан көңүл буруунун жоктугу жана финансылык аспаптардын жетишсиздиги болуп келген.
– Чынында биздин өлкөдө акча бар, – дейт Н.Симонова. – Бирок турмуштук ачуу чындык аларды салчу жер жок экендигин көрсөтүп келген. Эми биригүүдөн кийин бул маселеде жылыш болот. Эми экономиканын бул секторун узурпациялоо азгырыгы болбойт.
Белгилүү болгондой, мурдагы бийлик учурунда Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар
боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) башчысы Максим Бакиев өзү барып салтанаттуу түрдө ачкан Борбордук Азия фондулук биржасы (CASE) иш жүзүндө рынокту узурпациялоо менен мурдагы бийлик башындагылардын арам акча табуусунун рычагы болуп кызмат кылмагы азыр ачыкка чыгып отурат. Ошондуктан анын жетекчилигине кылмыш иши козголуп, лицензиясы жокко чыгарылган.
Бул ачуу тажрыйбаны эске салган Нелли Симонова азыр да рыноктун өнүгүшү үчүн CASE сыяктуу чөнтөк биржалардын болбошу керектигин эскертет.
Финансы рыногуна көзөмөл жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубековдун пикири боюнча, өлкөгө жыл сайын чет өлкөлөрдөн орточо 1 миллиард доллардан ашуун суммадагы акчалай которуулар келет.
– Бул акчалар жөн гана жеп-ичилип калбаса да, пайдаланылбайт, -дейт ал. – Эми Бирдиктүү фондулук биржанын түзүлүшү менен бирдиктүү депозитарий да түзүлмөкчү. Биз ал биржадан калкты баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга тарта алабыз деп ойлойм.
Ал биржалык соодалардын регионалдык тармагын түзүү зарылдыгын да белгилейт. Анткени алыскы айылдарда жашаган жана 10-15 акцияга ээ болушкан адамдар дээрлик фондулук рынокко катышышпайт жана дивиденддерди алышпайт.
Ю.Тойчубеков Мамфинкөзөмөл кызматы тарабынан “Акционердик коомдордун акциялары боюнча дивиденддерди төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” Өкмөттүн токтомунун долбоору иштелип чыгып, азыр кеңири коомчулуктун талкуулоосуна коюлганы жатканын да билдирди.
– Эки биржаны бириктирүү менен биз өкмөткө акциялардын мамлекеттик пакетин ачык сатуу сунушун киргиздик,- дейт дагы бир эксперт, Кыргыз фондулук биржасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Нурлан Мамытов.- Биринчиден, биз эл аралык фондулук рыноктор менен тыгыз интеграциялануу максатын койдук. Экинчиден, биржалар биригүү менен бул процесске мамлекеттин киришине аянтча даярдап койдук. Биз өкмөткө өз активдерин адилет пайдалануусун жана Мамлекеттик мүлк министрлигине акциялардын мамлекеттик пакетинин 5-15 пайызын биздин аянтча аркылуу сатууну сунуштадык. Биз мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн эң ийгиликтүү прецедентин түзүүдөбүз.
Эки революция кыргыздарда адилеттүүлүк сезими курч экенин далилдеди. Өкмөт да, ачыктыкка умтулуу жөнүндө жарыялоо менен акциялардын мамлекеттик пакеттерин кабинеттерде отуруп алып сатпай тургандыгын көрсөтүшү керек.
Ушул жерден мамлекеттик чиновник Юруслан Тойчубековдун дагы бир пикирин келтире кетүү орундуу болуп турат.
– Кыргыз Республикасынын фондулук рыногу жеткире бааланбай келе жатат, – дейт ал. – СССР кыйраган мезгилде ал 58,5 миллиард долларга бааланган жана бир күндө анын наркы 500 миллионго түшкөн. 17 жыл ичинде ал 5 мил-лиардга жетти. Башкача айтканда 200 эсе арзандатылып, анан 10 эсеге жогорулатылды. Ушул 60 мил-лиард доллар менен 5 миллиард доллардын ортосу, тактап айтканда 55 миллард доллар – коррупция үчүн жылчык.
Бизде акциялардын наркы өтө төмөндөтүлгөн. Дүйнөдө жалпы кабыл алынган айрым механизмдер бизде иштебейт. Ошондуктан бирдиктүү биржа ишке киргизилсе, “Рентон групп” же “Камкор” сыяктуулар менен болгондой кырдаалдар бизде кезикпей калат.
Мурда Кыргызстанда “Кыргызтелеком” сыяктуу мамлекеттик ишканалардын акциялары байкалбай калуусу үчүн баардыгы жасалчу. Коррупционерлер башка бирөөлөрдүн акцияларына көңүл буруп жана акчаларды адалдоонун схемаларын бузуусун каалашчу эмес. Мисалы, “Бителдин” акциялары “Кыргызтелекомдукуна” караганда 150 эсеге кымбат турат. А мамлекеттик компанияда потенциалды жок кылуу үчүн баары жасалган. Ал интернетти, мобилдүү байланышты өнүктүрүү боюнча биринчи орунда тура алмак. Бизде, ал түгүл, убагында “Кыргызтелекомдун” наркын кантип 1,5 миллиард долларга жеткирүү боюнча план да болгон. Мына ошондуктан азыр компанияны сатуу алдындагы даярдык жөнүндө сөз жүрүп жатат. Бүткүл өлкө боюнча тармагы болсо да “Кыргызтелекомдо” мындай иш жасалган жок. Эми бириккен фондулук биржа бул мамлекеттик компаниянын акцияларынын сатылышын жагымдуу кыла алмакчы.
«Кыргыз фондулук биржасы – БТС» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Абдуталип Султановдун пикири боюнча да «Кыргызтелекомдун» дивиденддик саясаты өтө начар.
– Бул ААКнын Директорлор кеңеши акциялардын ликвиддүүлүгүн көтөргүсү келбейт, – дейт ал. – Алар 300 миллион сомду мурдагы жылдардагы карыздарды жабууга багытташты, а анча сумманы акциялардын ликвиддүүлүгүн жогорулатууга жумшашса болмок. Азыр бир акция 10 сом турат, бирок 100 сом турушу керек эле.
Мамфинкөзөмөлдүн аткаруу кеңешинин мүчөсү Марат Пирназаровдун берген маалыматы боюнча, акциялардын мамлекеттик пакеттерин фондулук биржа аркылуу сатуу маселеси менен азыр атайын топ алектенип жатат. Мына ошондуктан муз ордунан козголду деп ай-тууга болсо керек. Ошол эле учурда Кыргызстанда мамлекеттик түзүмдөрдүн чечимдеринде ырааттуулук түгүл, кээде айрым бир бийликтеги, же бийликке жакын адамдардын топторунун кызыкчылыктарынан улам рыноктук мыйзамдарга төп келмек түгүл, логикага да жатпаган чечимдер чыгып кала турганына эч ким кепилдик бере албай турганын да эстен чыгарбайлы...