res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Бардыгы үчүн экономика :: Каржы темалары массалык маалымат каражаттарында (окуу колдонмосу)

  • 15 Апрель 2011

    Каржы темалары массалык маалымат каражаттарында (окуу колдонмосу)

    Каржы темалары массалык маалымат каражаттарында (окуу колдонмосу)

    Коомдогу туруктуулук чындап эле ал коомдун өкүлдөрүнүн сабаттуу же сабатсыз, маалыматка ээ же ээ эмес экендигинен көз карандыбы? Себеби, бир караганда, көпчүлүгүнө эле туруктуулук маданият, улуттар аралык ынтымак, жадагалса, башкаруу тутумуна байланыш сыяктуу туюлат. Ошол себептен, туруктуулук – калктын экономика (өзгөчө, каржы) багытында сабаттуу болушунун натыйжасы экендиги тууралуу сөздөр крамолдуу сезилет. Бирок бул андай эмес. Кыргыз Республикасын 2010-жылы эң коркунучтуу саясий кризистер басты. Бардык деңгээлдеги талдоочулар көптөгөн себептерди, жана алардын ичинде өзгөчө популярдуулукка ээ болгон геосаясий, улуттук жана коррупциялык мүнөздөмөлөрдү аташты. Ал эми экономиканы уялган сыяктуу арт жакка «жылдырып», аны начар башкаруу менен туруксуз коомчулуктун натыйжасы деп атап коюшту. Бирок бул – натыйжа эмес, бул – себеп.

    Калктын саясий майдандагы ашыкча активдүүлүгү анын түркөйүлүгү менен себептелинет. Адамдар жыргалчылыктын адилетсиз бөлүнгөндүгүн көрүп, бирок анын себептерин түшүнбөй жатышат. Коомдук жыргалчылыкка болгон максималдуу мүмкүнчүлүктү коомчулуктун эң билимдүү жана маалымдуу мүчөлөрү алышат.

    Бардык эң жакыр өлкөлөр башкалардан төмөндөгүдөй жалпы мүнөздөмөлөр менен айырмаланышат:

    1) калк базар экономикасын түшүнбөйт, каржы (анын ичинде, кредиттик) базардын кызматтарынан пайдалана алышпайт, дүйнөлүк каржы ресурстарын кайра бөлүштүрүүдө катышышпайт;

    2) өлкө калкы саясатта ашыкча активдүү, өлкөлөр кыска убакыттардын аралыгында саясий кризистерге кабылып турушат;

    3) эң бай жана эң жакыр адамдардын ортосундагы айырмачылык даан байкалып турат.

    Башкача айтканда, жакырчылык билимсиздиктин, ал эми туруксуздук – жакырчылыктын айынан пайда болгон. Жакырчылык чөнтөктө эмес, жакырчылык – башта. Улуу Британия, АКШ, Германия, Польша, Казакстан өлкөлөрүндө Окуу колдонмо - Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу тарабынан ишке ашырылган «Журналисттер үчүн каржы сабаттуулугу» долбоорунун жүрүшүндө, кыргызстандык ири эксперттер тарабынан окулган лекциялардын топтомунун уландысы катары жарык көрдү.

    Колдонмонун ар бир темасы журналистке эң зарыл болгон глоссарийлер менен коштолуп, кээ бирлери макалалар жана аларга болгон комментарийлер менен жабдылган.
    Колдонмону ыкылас коюп окуу аркылуу, азыркы күндө иштеп жаткан жана болочокто иштей турган журналисттер каржы рыногунун иштөөсүнө байланышкан суроолорду жакшы түшүнө алышат. Ошондой эле, бул банктардын жана кредиттик капиталдын реалдуу экномикадагы ролу, фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү, акча-кредит саясатынын, валюталык рыноктун жана мамлекеттик карыздардын аспекттери тууралуу материалдарды даярдоодо журналисттерге көмөктөшөт.
Бардык документтер