res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Жаңылыктар :: Бюджеттин ачык-айкындуулугу боюнча сынакка катышкан журналисттердин назарына!

  • 25 Февраль 2011

    Бюджеттин ачык-айкындуулугу боюнча сынакка катышкан журналисттердин назарына!

    КФБнын Пресс-клубу жарыялаган бюджеттин ачык-айкындуулугу боюнча сынакка көп сандагы материалдар келип түшкөндүктөн, сынактын жыйынтыктарын жарыялоо 2011-жылдын март айына жылдырылат.

    Жалпысынан, сынакка 250дөн ашык басма, эфирдик жана Интернет материалдар келип түштү. Ирээтке келтирүү жана тизмеге киргизүүнүн жүрүшүндө, материалдар кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде экендиги аныкталды.

    Алты адамдан түзүлгөн сынак комиссиясы сынакка келип түшкөн материалдарды кароого киришти. Бирок материалдардын саны көп болгондуктан, баалоонун жана натыйжаларды жарыялоонун күнүн бир аз убакытка ары жылдыруу суранычы менен сынак комиссиясынын мүчөлөрү кайрылышты.

    Сынак комиссиясынын чечими 2011-жылдын 14-марты күнү жарыяланат.

Бардык жаңылыктар