res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Жаңылыктар :: Темир Сариев: "Банктагы акчалардан Улуттук коопсуздук кызматына 150 миң $, ИИМге 10 миң $ берилген"

  • 28 Январь 2011

    Темир Сариев: "Банктагы акчалардан Улуттук коопсуздук кызматына 150 миң $, ИИМге 10 миң $ берилген"

    "Алиби", 21.01.2011

    Апрелден кийин банктардын ячейкаларынан жалпы суммасы 21 миллион доллар алынган жана алардын Марат, Максим Бакиевдер менен Бакыт Калыевге жана башкаларга таандык экендиги аныкталган. Акчалар убактылуу Улуттук банкка өткөрүлүп берилген болчу. Балким, мен кызматтан кеткенден кийин дагы банктардагы ячейкалар ачылып, акчалар алынган болуш керек, бирок менин андан кабарым жок. Убактылуу өкмөт ал акчаларды бюджетке киргизбегендин себеби, алар боюнча соттун чечими чыга элек. Ал эми ал каражаттын кайсы бир бөлүгүн убактылуу өкмөт түштүктөгү абалды турукташтыруу үчүн сарптаган. Бирок, көбү бул акчаларды Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өз ара бөлүп алышкан деп эсептешүүдө. Мындай пикирлерди четке кагуу үчүн кимге канча акча бөлүнгөнүн так айтып бере алам.

    Атап айтсам, алгач 1 миллион 999 миң доллар, экинчисинде 5 миллион доллар алынган. Биринчи алынган суммадан Коргоо министрлигине 150 миң $, Улуттук коопсуздук кызматына 150 миң $,ИИМге 10 миң $, президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаевге 43 миң $, Бишкек ИИБсине 20 миң $, Топчубек Тургуналиевге 5 миң $, Азимбек Бекназаровго 120 миң$, Убактылуу өкмөттүн аппаратына 20 миң $, Чүй облустук ИИБсине 10 миң $, Бишкек шаарынын Ленин району боюнча кошуундардын жетекчисине 15 миң $ берилген. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын мэриясына 100 миң $ которулган.

    Ал эми экинчи жолу алынган 5 миллион доллардын 1 миллион 484 миң доллары июнь окуяларына сарпталган. Андан Эмил Каптагаев 10 миң $, Өмүрбек Текебаев 20 миң $, Кубат Оторбаев 20 миң $, "ЭлТР" каналына 10 миң $, Улуттук коопсуздук кызматына 200 миң $, Жалал-Абад шаарынын РСК-Банкына 500 миң $ жана ИИМге 200 миң доллар берилген.
    Ошондой эле информациялык саясат жүргүзүү үчүн президенттин пресс-катчысы Роза Даудова 8 миң доллардан ашык акча алса, Убактылуу өкмөттүн аппараты 25 миң $, прокуратура 50 миң $, Бишкек ИИБси 20 миң $ жана Коопсуздук кеңешинин катчысына 100 миң доллар карматылган. Калган 4 миллион 371 миң доллар учурда Улуттук банкта сакталууда"- дейт мурдагы Финансы министри Темир Сариев.

    Эми ушул материалдарды окуп, өзүнчө анализ жүргүзгөн окурмандар кандай ой-пикирде калат болду экен? Ушуларды ачыкка чыгарган Темир мырзага рахмат! Элибиз кимдин-ким экендигин өздөрү аныктап билип алууга тийиш. Эми жакшылап ойлоп, өткөндү эстеп көрсөңүздөр, биздеги бардык баш-аламандыктарга УККга караганда ИИМдин кызматкерлеринин массалык түрдө тартылып келгендигин адилеттик үчүн айтып коюшубуз керек. Анан бөлүнгөн акчаларды карасаңар, УККга 150 миң, ИИМге 10 гана миң доллар бөлүнүп жатат. УКК кайсы көзгө көрүнө турган кызматы үчүн жогорудагыдай "вознаграждение" алып жатат? Же Ош окуясынын чыгарынын алдында Ош мамлекеттик университетинен өзбек улутундагы студенттердин бир жума мурда эле кетип калгандыгын, Оштогу өзбек улутундагы "тикочон" таксисттеринин баарынын жок болуп кеткенин, Ошту кой, мобу Бишкектеги "Жалал-Абад" кафесинин (мындагы өзбектер иш орундарын таштап кетип калган дешет) 11-июнь окуясына 3 күн калганда жабылып калгандыгын билбей, укпай, сезбей, байкабай аталган трагедиянын алдын-ала алышпай калгандыгы үчүн алыштыбы? Маалымат менен жакшы иштесе, улут аралык жаңжалды уюштурууга аракет кылгандарды күн мурунтан кармап, камакка алышса, балким мындай окуя орун албайт беле?..Бизди таң калтырганы, ячейкалардан тартылып алынган акчаларды бюджетке которууга соттун чечими керек экендиги, ал эми коротуп, тиешеси барларга деле, тиешеси жокторго деле бөлүп берүүдө соттун чечиминин керек эместигинде...Биз жогоруда ысымы аталган инсандар тарых үчүн, алган акчаларын кантип, кайда сарптаганын эл үчүн отчет берээрине ишене туралы. Эмесе, бул алардын беделине шек келтирээри турган иш...

    Гезитибиз басмаканага кетип жатканда, акча алган адамдардын ичинен эң биринчи Өмүрбек Текебаев үн катып, 20 миң долларды Т.Сариевдин өзүнүн колунан алганын айтып, аталган акчаны 12-13-майда Ош менен Жалал-Абадда Бакиев бийлигинин тарапкерлеринин "бунттарына" каршы туруп, жегенге тамагы, ичкенге суусу жок милиция менен жоокерлерге таратып бергенин билдирди. Калгандырычы?


    Булак: Press KG

Бардык жаңылыктар