res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Жаңылыктар :: Талас шаарынын журналисттери үчүн окутуу өткөрүлдү

  • 25 Октябрь 2010

    Талас шаарынын журналисттери үчүн окутуу өткөрүлдү

    Үстүбүздөгү жылдын 22-октябрь күнү КФБ Пресс-клубу Талас шаарынын журналисттери үчүн окутуу уюштурду. Окутууга шаардык, райондук жана облусттук маанидеги гезиттердин өкүлдөрү катышышты. Аталган окутуу "Кыргызстан-Сорос" Фондунун каржылоосу менен ишка ашырылып жаткан бюджеттик ачык-айкындуулук жана отчеттуулук долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

    Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга бюджет мааниси, анын классификациясы, түрлөрү, принциптери жана аткаруу этаптары тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан сырткары, бардык катышуучуларга өткөрүлгөн окутуунун негизинде даярдалган таркатылуучу материалдар берилгендиги катышуучулардын ыраазычылыгын жаратты. "Сиздердин бизге мындай окууну уюштуруп бергендериңиз абдан чоң жардам болду. Мен таркатылган материалдарды дагы бир жолу карап чыгып, тереңирээк түшүнүк алам деген ойдомун. Сиздердин берген материалдарда реалдуу сандардын жана аларга түшүндүрмөлөрдүн жардамы да баа жеткис", - деп "Талас турмуш" гезитинин кабарчысы Төлөгөнов Ж. ою менен бөлүштү.

    Ушундай эле окутуу келе жаткан жуманын аягында Нарын шаарында да уюштурулмакчы.

Бардык жаңылыктар