res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Жаңылыктар :: КФБ Пресс-клубу "Кыргызстан-Сорос" Фондунун колдоосунда журналисттер арасында улуттук сынак жарыялайт!

  • 12 Октябрь 2010

    КФБ Пресс-клубу "Кыргызстан-Сорос" Фондунун колдоосунда журналисттер арасында улуттук сынак жарыялайт!

    Журналисттердин жана авторлордун назарына!

    «Бюджет – бул жарандардын акча каражаты» деген аталыштагы

    МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН УЛУТТУК СЫНАГЫ

    Байге фонду 10 000 АКШ доллары

    Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу «Кыргызстан-Сорос» Фондунун колдоосунда ишке ашырылып жаткан «Бюджеттин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулукту, Кыргызстандын жарандык коомчулук уюмдарынын демилгелерин колдоо аркылуу жогорулатуу» долбоорунун алкагында, Массалык маалымат каржаттарында бюджеттин ачык-айкындуулугуна арналган эң мыкты басылмалардын улуттук сынагын жарыялайт.

    Өбөлгөлөр

    Бюджет – бул коомдук каражаттар. Биздин ар бирибиз мамлекетик жана муниципалдык кызматтарды каржылоого өз салымыбызды ар кандай төлөмдөрдү казынага чегерүү аркылуу кошобуз. Бирок бардыгыбыз эле ал каражаттар кандайча сарпталып жаткандыгын биле бербейбиз. Бул туура эмес жана адилетсиз. ММК жарандарга алар төлөп жаткан акча каражаттары кандай жол менен сарпталып жаткандыгы тууралуу көп маалыматты бере алышат. Массалык маалымат каражаттары бул процесстин жүрүшүн көзөмөлдөөнү жарандарга үйрөтө алышат. ММК журналисттик иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында жалпыбыздын акча каражаттарыбыздын максатсыз пайдаланылгандыгы жөнүндө далилдерди жана кээ бир системаларды жарыкка чыгара алат. Ал эми бул сынактын максаты – ММК өкүлдөрүнүн бюджеттик темаларга болгон кызыгуусун стимулдаштыруу.


    Сынакты өткөрүүнүн жүрүшү

    Кыргыз Республикасынын Интернет барактарында, гезит же башка басылмаларда, теле же радио эфирлерде материалдары жарыкка чыгуучу, штаттык же штаттык эмес негизде эмгектенген авторлордун төмөндөгү темаларды камтыган маалымат жана аналитикалык материалдардын топтомун (подборкасын) алып келүүсү сунушталат:

    · 2011-жылдын мамлекеттик бюджети жарандар үчүн түшүнүктүү (2011-жылдын мамлекеттик бюджети: биз ал тууралуу эмне билебиз)

    · 2011-жылдын жергиликтүү бюджеттери жарандар үчүн түшүнүктүү (2011-жылдын жергиликтүү бюджеттери: биз алар тууралуу эмне билебиз)

    · Бюджеттик каржаттарды пайдалануудагы ачык-айкындуулук (мамлекеттик кызмат, мамлекеттик сатып алуулар, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка ушул сыяктуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар)

    · Өндүрүп даярдоочу тармагынын ачык-айкындуулугу

    · Энергетика тармагынын ачык-айкындуулугу

    · Мамлекеттик салыктарды топтоонун ачык-айкындуулугу

    · Коомдук акча каражаттарынын ачык-айкындуулугу (мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин) тууралуу маселелерди козгогон темалар

    · Коомдук акча каражаттарды топтоо жана чыгымдоону көзөмөлдөөдөгү жарандардын катышуусун козгогон темалар.


    Ар бир автордон келип түшүүчү материалдардын саны чектелбейт. Сынакка катышкан бардык материалдар 2010-жылдын 1-сентябрынан тарта 2011-жылдын 5-февралына чейинки аралыкта жарык көрүүсү керек.

    Сынак материалдарынын тиликыргыз жана орус тилдери.


    Жарык көргөн бардык материалдар топтомдору (гезиттердин нускалары), электрондук маалыматтардын көчүрмөлөрү, жарыкка чыккан күнү жана убактысы көрсөтүлгөн эфирдик тастыктама менен коштолгон видео- жана радиоматериалдардын көчүрмөлөрү 2011-жылдын 10-февралына, саат 17.00гө чейин кабыл алынат.


    Төмөндөгү өкүлдөрдөн түзүлгөн Сынак комиссиясы:

    1. Көз карандысыз экономикалык журналист,

    2. Жарандардын кызыкчылыгын коргоо тармагында иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү,

    3. Жарандардын кызыкчылыгын коргоо тармагында иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү,

    4. ЮЖБ «За прозрачный бюджет» Альянсы,

    5. Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубунун өкүлү,

    6. «Кыргызстан-Сорос» Фондунун өкүлү,

    сынакка келип түшкөн материалдарды карап чыгып, сынактын жеңүүчүлөрүн 2011-жылдын 25-февралынан кечиктирбей аныкташат.

    Жеңүүчүлөрдү аныктоо ирээти

    Сынактын секретариатынын атынан, Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу комиссия мүчөлөрүнө материалдардын көчүрмөлөрүн номур менен белгилеп, бирок басылманын аталышын (телекомпаниянын же сайттын) жана авторунун аты-жөнүн көрсөтпөстөн таркатып берет. Сынактын ар бир катышуусуна аныктоочу жеке код ыйгарылат. Жеңүүчүлөрдү жана байгени аныктоо автоматташтырылган түрдө, сынактын катышуучуларына коюлган упайларды жалпылоо аркылуу жүргүзүлөт. Эгер бир нече катышуучу бирдей упайга ээ болуп калса, анда «Бюджеттин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулукту, Кыргызстандын жарандык коомчулук уюмдарынын демилгелерин колдоо аркылуу жогорулатуу» долбоорунун алкагында уюштурулган окутууга катышкан авторлор, жана, ошондой эле, өлкөбүздүн райондорунан катышкан авторлор артыкчылыкка ээ болушат.

    Тандоо критерийлери

    Сынакка катышкан бардык материалдар төмөндөгү критерийлердин негизинде бааланат:

    Критерий

    Баалоо даражасы

    1.

    Бюджет боюнча маанилүү жана актуалдуу маселени анализ, жарандардын жана адистердин түрдүү пикирлери ж.б. менен толуктоо аркылуу, жеткиликтүү жана эффекттүү түшүндүрүп берүү .

    20 %

    2.

    Алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу (мисалы, жарандардын бюджеттик процессте катышуусу, башкаруу органдарынын ачык-айкындуулукка жетишүү үчүн демилгелери) же терс тажрыйбаны анализдөө жана анын алдын алуу (мисалы, коррупция, бюджеттик каражаттардын максатсыз же туура эмес пайдаланылгандыгы тууралуу далилдерин ачыкка чыгаруу).

    20 %

    3.

    Журналисттик иликтөөнүн элементтеринин болушу.

    20 %

    4.

    Белгилүү бир тематикага арналган жана бирин бири толуктап, кезектешип жарык көргөн макалалардын сериясы.

    20 %

    5.

    Баяндоонун жеткиликтүүлүгү жана тарбиялоочу таасири: катардагы жаранга же жарандардын тобуна бюджеттин татаал темаларын жөнөкөй тилде түшүндүрүп берүү (мисалы, жаштардын, балдардын, кары-картаңдардын, айыл тургундарынын ж.б. кабыл алуу/түшүнүү деңгээлин эске алуу менен жазылган материалдар).

    20 %

    Кошумча «алтын» упай Сынак комиссиясынын чечими менен бюджеттик теманы чагылдырууда кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарылышы мүмкүн. Бул салым, сынакка арналган материалдардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөсү менен белгиленет, жана аны менен катар, бюджеттик темалар боюнча журналисттик терең иликтөөлөрдү жүргүзүү аркылуу да аныкталат.

    Байгелер

    Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Байге АКШ доллары менен көрсөтүлгөн, бирок ал каражаттар Сынак комиссиясынын чечиминин протоколуна кол коюлган күнүнө карата, КР Улуттык Банкы тарабынан белгиленген курс менен улуттук валюта – сом түрүндө берилет. Сыйлыктар төмөндөгү категориялар боюнча ыйгарылат:

    Атайын номинация «Жарандар үчүн кыргыз тилиндеги бюджет»

    1 орун - 900 АКШ доллары

    2 орун - 650 АКШ доллары

    3 орун - 450 АКШ доллары

    Номинация боюнча жалпы: 2 000 АКШ доллары.

    Басылма ММК арасында «Бюджет – бул жарандардын акча каражаттары» темасын эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн» номинациясындагы байгелер:

    1 орун - 900 АКШ доллары

    2 орун - 650 АКШ доллары

    3 орун - 450 АКШ доллары

    Номинация боюнча жалпы: 2 000 АКШ доллары.

    Эфирдик (теле жана арадио) ММК арасында «Бюджет – бул жарандардын акча каражаттары» темасын эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн» номинациясындагы байгелер:

    1 орун - 900 АКШ доллары

    2 орун - 650 АКШ доллары

    3 орун - 450 АКШ доллары

    Номинация боюнча жалпы: 2 000 АКШ доллары.

    Интернет ММК арасында «Бюджет – бул жарандардын акча каражаттары» темасын эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн» номинациясындагы байгелер:

    1 орун - 550 АКШ доллары

    2 орун - 350 АКШ доллары

    3 орун - 200 АКШ доллары

    Номинация боюнча жалпы: 1 100 АКШ доллары.

    Ошондой эле, жалпы өлчөмү 1 000 АКШ долларына барабар болгон ар бири 200 АКШ доллары өлчөмүндө беш кызыктыруучу (ар бир номинацияда экиден көп эмес) сыйлыкты ыйгаруу мүмкүнчүлүгү да каралган.


    Жалпы байге фонду – 2 000 + 2 000 + 2 000 + 1 100 + 1 000 + 1 900 (салык жана башка төлөмдөр) = 10 000 АКШ доллары.


    Сынактын уюштуруучулары, сынакка келип түшкөн материалдардын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнөн улам, белгиленген байге фондун толугу менен ыйгаруу же ыйгарбоо укугун өзүнө калтырат. Белгиленген байге фонду толук пайдаланылбай калса, ал каражат ММК үчүн кошумча окутууларды уюштурууга багытталат.


    Жеңүүчү журналисттердин милдеттери

    Сынактын байгелери «Бюджеттик темаларды чагылдырууда ММК ролу, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү» деген аталыштагы «Тегерек столдо» тапшырылылат. Жеңүүчү деп табылган авторлор өз макалаларын аталган иш-чаранын катышуучуларына тартуулап, сынактык материалдарды даярдоодо эмнелерди билип, үйрөнгөндүгү тууралуу айтып берүүгө милдеттү. «Тегерек столду» жана сыйлыктарды жеңүүчүлөргө расмий тапшыруу мааракесинин болжолдуу убактысы – 2011-жылдын март айынын башы.


    Сынак материалдарын журналисттер өздөрү же почта аркылуу төмөндөгү дарекке алып келип бере алышат: 720010, Бишкек ш., Москва көч, 172, жана press@kse.kg же nurgul.jamankulova@gmail.com электрондук почталарына Пресс-клубдун администратору Нургүл Жаманкулованын наамына жиберишсе болот.

    Сынактык материалдарды тапшыруунун акыркы күнү 2011-жылдын 10-февралы, саат 17.00.

    [1] Байге фондуна бардык салыктар жана төлөмдөр кошулган
Бардык жаңылыктар