аналитика
Экономика тууралуу эң мыкты эксперттик ой-пикирлер, баалар жана божомолдоолор >>
res=kg
Кирүү жана катышуу эрежелери. Экономикалык журналисттердин профессионалдык коомчулугунун мүчөсү бол! >>
Альбомы и фотографии из жизни Пресс клуба >>
• Фермердин арифметикасы
Талас районунун Арал айыл округунун тургуну, фермер Айтбек Бекбаев жана анын жубайы Назира Бейшекеевалар менен үй-бүлөлүк бюджетинин чыгаша-кирешеси боюнча кабарчыбыз маслатташып келди. Дагы бир кызыктуу фактыга күбө болуп кайткан. Эгерим Жердин жасалма жандоочусунун табагы КТРдин Биринчи каналын тартат дегенди уктуңуз беле?.. Кабарчыбыз Каракол өрөөнүндөгү (Өрөөндүн баш-аягы 80 чакырым.) Кузгун-Уя кыштоосунда аты аталган фермердин үйүнөн муну өз көзү менен көрүп келди. Кеп ушулар тууралуу болот.
Ыраазычылык кеп
Талас районунун Искендер Осмонкулов айыл округунун аймагында жайгашкан №9-дарыгерлер борборунун башкы врачы Майрамбек Жапаров, фельдшери Таалай Орозбаков, медициналык тез жардам авто унаасынын айдоочусу Турусбек Жанузаков менен Каракол жайлоосундагы малчыларга бармай болуп калдык.
Себеби, өткөн жылы ушул дарыгерлер борборунун кызматкерлери Үч-Кум-Бел жана Караколдун малчыларын Эл аралык донорлордун көмөгү менен эмдөө өнөктүк учурунда дарылоого баруусуна туура келген экен. Аралдык фермер Айтбек Бекбаев келерки жылы да кайрылып келип баласын эмдеп кетүүсүн өтүнгөн жайы болуптур. Медиктердин УАЗы майды көп жегендигине байланыштуу Көпүрө-Базар айылынын тургуну, фермер Калкожо Эстебесовдун «Одиссей» чет элдик жеңил авто унаасы менен сапар тарттык.
Үч жарым жаштагы Айтбек уулу Мирбекти АКД-С, ал эми үч айлык Сагындык уулу Амантурду пентовакцин – 1 BNPO 181 дарылары менен дарылашты. Ошондуктан жогоруда аттары аталган медициналык кызматкерлерге жана авто унаа айдоочуга ыраазычылыгымды газета аркылуу айта кетүүнү туура таптым. Анткени калемдин учу кубанар фактыларга эгедер болгондугума себепкер болушту.
Биринчи каналды тарткан жердин жасалма жандоочу табагы
1992-жылкы жер титирөөдө Талас жергесинде үйү жараксыз болгондорго Россия мамлекети жардам катары вагонетка тамдарды берген. Андай үйдү алгандардын айрымдары тамын салып алгандан кийин сатып ийгендери чыккан. Ошолордон эки тамды Айтбек Бекбаев сатып алып, экөөнү бириктирип Кузгун-Уя кыштоосуна коюп алган. Бул вагонеткалар Россиянын 53 градус суугуна ылайыкталган жана жер титирөөгө эсептелип жасалган. Жанында жыгачтан курулган эки бөлмөлүү тамы да бар экен.
Күндөн энергия алып эки жарыктандыруучу (лампочка) күйгүзө ала турган күн түзүлүшүн (коллектор) койдурган. Плазмен телевизор, жердин жасалма жандоочусунун табагы (спутниковая тарелка) менен DVD, флешка жана радиосу да бар экен. Кыскасы, бардыгын комплектетип алгандыгы көрүнүп турат. Фермердин айтымында, Талас шаарына барып буга атайын чебер адамды таап (мастер), ошол аркылуу Бишкек шаарынан алдырып койдурган. Буга кеткен бардык чыгым 45 миң сомду түзгөн.
Радиодон айылдыктардай эле Кыргыз радиосунун бардык берүүлөрүн, ал тургай Эл аралык радиостанциялар болгон «Азаттык» жана «Би-Би-Сини» угушат экен. Таң калтырганы Кыргызстандын Биринчи каналын жердин жасалма жандоочусунун табагы аркылуу көргөндүгүн жаңылык катары кабыл алдык. Эзели борбор шаарыбыз Бишкектен да андайды көргөн эмеспиз! Космостук орбитага Кыргызстандын Биринчи каналы туташа элек. Ошол эле учурда Казакстан Республикасынын казакча бир каналын да көрөт экен. Башка бир да канал тартпай турганын айтты. Анын жогору жагында отурган фермер-дыйкан Калкожо Эстебесов да ушундай күндүн түзүлүшү менен эки жарыктантуучусу жана жердин жасалма жандоочусунун табагы аркылуу телевизору бир гана Кыргызстандын Биринчи каналын эле тартат экен. Ал 20 миң сомго алып койдурган.
Ушунун өзүнөн көрүнүп тургандай айрым фермерлер өзүнүн жашоо шартын маданияттуу жашоого умтулгандыгы менен күндөлүк маалыматтардан артта калбай угуп турганга кызыгуусу артылып бараткандыгы башка фермерлерге да үлгү болоорлук жагы ушул жерде жатат деп айтсак болуучудан. Жалаң малдын туягын көбөйтүү менен алектенип, байлыгынын ыраатын көрбөй «куур тон» кийгендерди эл ичинде: «Көр бала, же көр жигит же көр киши!», - деп коюшат. Эзелтен: « Байлыктын үзүрүн да, доорун да сүрө бил!», - деген кеп бекеринен айтылбаган. Фермер Айтбек мына ушуну Туу туткандардын бири.
Жумушчу орун менен камсыздоо
Калыбы акыркы жылдары турмушубуздан орун алган базар мамилесинин сабактары фермерлерди жаңы өңүттө иштөөсүнө багыт ала баштаганы ачык сезилүүдө. Мурда фермер бардык жүктү өз мойнуна алып, малды багууга, тоютун даярдоого дыйканчылыкта маңдай терин төккөн кош түйшүктү аркалап келген. Ушул тапта, айрым фермерлер талаачылыкта иштөөдөн баш тартып, жалаң мал менен гана алектене баштады.
Жыйырма жылдан берки турмуш сабагы фермерлерди чарба башкарууга ык алуу жолуна алып чыкты. Уюштуруу иштери менен алектенип, чарба жүргүүзүнүн эсеп-чотун какканды, баягыдай мал артына сая түшүп кайтаргандын ордуна жумушчу орун ачып, ошолор менен иштешкенди турмуш алардан талап кыла баштады. Айтбек Бекбаевдин иштеп жаткан ишинен дал ушундай өрнөктүү ишти баамдадык. Кыргызда: «Мал тапканча - эсеп тап» , - деп ата-бабабыз бекер айтпаптыр. Буга анын келтирген үй-бүлөлүк бюджетинин сары эсеби, албетте, ийне жибине чейин толук такталган болбосо да, учур талабына жооп берерлик ынанымдуулугу байкалат.
Үч кишиге малын бактырат. Анын экөө такай мал артынан жүргөндүгүнө байланыштуу 7 миң сомдон эмгек акы төлөп берет. Ал эми үчүнчүсү болсо, мал баккандарга караганда жумушу жеңил болгондуктан айлык эмгек акысы 5 миң сом. Пенде болгон соң малчылардын иши чыкпай койбойт. Ошол учурларда алардын ордуна чанда гана мал баккан учурлары болбосо, негизинен бирин-экин малды сыртынан көзөмөлдөп, короо ичиндеги майда-барат иштер менен алп урушат.
Фермердин кыштоосу менен жайлоосу бир эле жерде. Көчүп-конуу чыгымы жок. Күңгөйү кыштоо, тескейи жайлоо. Экөөнүн ортосун Каракол суусу гана бөлүп турат. Жайкысын малчысын суунун наркы маңдайындагы тескейге көчүрүп чыгарып коет. Бири-бири менен болгон байланышка бир таман көпүрө кызмат кылат.
Жубайлардын эсеп-чоту
Айтбек Бекбаев мал багууга каражатты жумшоо боюнча чыгашасы менен кирешеси туурасында баяндап берди. Мында бир нече сандардын тизмеги орун аларын, аны окуп чыкканда окурмандын тили сына түшөрүнө карабастан атайын берүүгө аргасызбыз. Мунун жөнү экономикалык изилдөө жүргүзүүдөгү үй-бүлөлүк чыгаша жана киреше бөлүгүнүн негизинде таза кирешесин аныктоодон улам келип чыкканын эске алгандыгыбызга байланыштуу болду.
Арал айылында өзүнүн үй-бүлөсүнө тиешелүү 80 сотых үлүш жери бардыгын, бирок аны алгач иштетип көргөнүн, азыр ижарага берип койгонун кыйытты. Өткөн жылы 550 таңгакталган чөптүн ар бир таңгагын 45 сомдон алганын, быйыл таңгагы 70 сомдон болуп жатканын угуп атканын, малын дарылоого жана туз алууга, коюн кыркымчыларга кырктырууга, жайытка мал башына төлөнүүчү жалпы чыгымы - 67 миң сом түзөт экен.
Эми киреше бөлүгүнө токтололу. Фермер быйылкы жылы өзүнүн коюнан башка кожолук 300 кой бактырарын, анын ар бир башына 35 сомдон аларын, коюнун төлүнөн 171 козу пайда көргөнүн, анын башын 2,5 миң сомдон эсептегенде эле 427 миң 500 сом болоорун, койдун жүнүнөн түшүүчү кирешеси 36 миң сом экенин, тубар бээден алынган төлү 13 кулундун ар бирин 20 миңден сатканда эле 260 миң сом пайда көрөрүүн, ал эми уйдан 6 музоо бардыгын, мунун ар бирин 15 миң сомдон сатканда 90 миң сом пайда түшөөрүн айтып берди.
Жубайы Назира Бейшекеева 13 бээни бир күндө беш-алты саап, эки күндө
Суммаларды кыскача жыйынтыктоо
Сандардын жыйынтыгын чыгара келгенде фермердин чыгаша бөлүгү менен киреше бөлүгү төмөндөгүдөй болот. Үч жумушчу орунга төлөнүүчү 12 айга кеткен чыгым - 228 миң сом болот. Жогоруда айтылгандай, малынын кышкы тоюту үчүн ар бир түк чөп 70 сом деп эсептегенде 550 түк сатып алса, анын суммасы - 38 миң 500 сом. Калган чыгашалар айтылгандыктан жыйынтыктап айтканыбызда, быйылкы жылга фермердин чыгаша бөлүгүнүн дүң жыйымынын жалпы суммасы – 333 миң 500 сомду түзөт.
Киреше бөлүгүн тактай келгенибизде, бир айда кымыздан эле 20 миң сом түшөт деп эсептегенде, төрт айдын суммасы – 120 миң сомго жетет. Алты айга 300 койдун башын 35 сомдон эсептегенде 63 миң сом. Ошондо жогорудагы киреше бөлүктү кошкондогу дүң жыйымдын суммасы – 996 миң 500 сомго чыгып жатат. Мына ушул кирешенин дүң жыйымынан чыгашанын дүң жыйымын алып салганыбызда таза кирешенин суммасы 663 миң сомго барабар болот. Ушул сумма фермердин оозунан чыккан сандар боюнча алганыбыздагы бир жылдык таза кирешеси болуп жатат.
Албетте, бул божомолдуу фермердин алдын ала эсептеген эсеби экендигин окурмандардын эсине салабыз. Бирок ал киреше-чыгашасынын толук эмес тизмеси экенин да эске алганда байлыгы кыйла эле мындан арбын болуп чыгарын бөркүбүздөй көрсөк болот. Эмнеси болсо да, тырмак алды эсеп-чоттун, орустар айтмакчы: «Жаңы жеген пелмен эзилип кетсе да, өзүнүн жаңылыгы менен өтүмдүү», - деп коюшат. Ошонусу сыңары, окурмандардын сынына койдук.
Жакыпбек Төлөгөнов