res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Жаңылыктар :: Бюджет тартыштыгынан туберкулин жетишпейт

  • 7 Июль 2011

    Бюджет тартыштыгынан туберкулин жетишпейт

    Өсүп келе жаткан балдарга карата бурулган көңүлдүн бюджеттердеги үлүшү кандай болоруна кызыгып, Жалал-Абад шаарындагы кургак учукту дарылоо боюнча «Чолпон» аттуу балдар бакчасына баш багып, короо сыртындагы жазуудан улам бул кайсы министрликтин карамагында экен,- деген суроомо аталган бакчанын директору Мамбеталиеа Айнагүл эже Элге билим берүү министрлигинин, шаардык билим берүү бөлүмүнүн карамагында экендигин, имараты 1935- жылы курулганын, бүгүнкү күндө 1,5 жаштан 6 жашка чейинки курактагы 110 бала дарыланып, тарбия алышарын, бардыгы болуп 29 кызматкер эмгектенерин айтып, сөз баштады.

    Каржыланышына токтолсок, кайсы бюджеттен бул мекемеге канча сом бөлүнгөн?

    Тамак-аш азыктары менен шаардык билим берүү бөлүмү камсыз кылып турат. Биз өзүбүз сатып албайбыз.

    Бир балага берилген бир күндүк тамак-аштын баасы канча?

    Бул жерде жаш курагына карата 2 топко бөлүнгөн кенже тобундагы ар бир балага тамактын наркы 53 сом 89 тыйын, орто топтогулардын ар бирине 64 сом, 78 тыйын наркындагы тамак бир күндө 4 маал берилет.

    Ушул жетиштүү,- деп ойлойсузбу?

    Эми шартка жараша дурус эле,- деп ойлойбуз. Албетте союз маалындагыдай Кар-Алманын (Сузак районуна караштуу мөмө-жемиштүү, кооз аймак) балы, жангагы, ошондой эле уйдун жаны саалган сүтү, жайлоодон келген кымыздар тууралуу айта албайбыз.

    Айтмакчы кандай сүт азыктарын колдоносуздар?

    Негизинен сүт талкандарын, сливка деген продукцияларды алабыз.

    Алар кайсыл жактан келген продукциялар?

    Бизге тендер аркылуу алынып келинет, Кореядан алынган продукциялар.

    Ата-энелер ай сайын канча сомдон акча төлөшөт жана алар кайсы багытка жумшалат?

    Ар бир ата-эне шарттуу түрдө айсайын 80 сомдон төлөйт, булар самын-сумун, краска, ж.б. керектүү буюмдарды сатып алганга кетет.

    Айсайын 8800 сомдук нерсе сатып аласыңарбы?

    Бул чындап келгенде жетпей деле калат, анын үстүнө азыр баары кымбат болуп жатпайбы. Учуру келсе, башка ар кандай иш-чараларды өткөрөөрдө чөнтөгү калың ата-энелерге кайрылып демөөрчү болуп берүүлөрүн дагы өтүнөбүз.

    Айлык акыңардын дурус эле көбөйдүбү?

    Ооба, бираз да болсо бизге жардам болду.

    Ремонт кайсы каражаттын эсебинен ишке ашат?

    Ремонт иштерин биз өзүбүз эларалык уюмдарга долбоорлорду жазып, бүтүргөнгө аракеттенебиз, Мерсико компаниясына долбоор жазып бул жылы стол, стулдарды жаңыладык. Биз бул эларалык уюм менен беш жылдан бери кызматташып келе жатабыз, маселен бул мезгил ичинде жазылган долбоорлордун чегинде имараттын чатырын жаныладык, тамак-аш сактоочу жана даярдоочу жайды, короо ичиндеги жолдорду толук оңдоп-түзөтүп алдык.

    Бул мекемедеги балдардын ден-соолугун көзөмөлгө алуучу дарыгер Ормонбеков Акылбек Жакшыбаевичке кайрылдым.

    Бул бакчада тарбяланып жаткан балдардын ден-соолугу кандай?

    Бул жерде кургак учук оорусу бар адамдар менен байланышта же чогуу жашаган балдар ушул оору менен ооруп калбаш үчүн атайын алдын алуу максатында жумасына үч жолу текшерилип турат. Алар үчүн бир айда мынча сомдук дары-дармек кетет,- деп айтуу кыйын, анткени баланын ден-соолугунун абалына жараша берилип турат. Жалпысынан балдардын ден-соолуктары канааттандырарлык десе болот. Кургак учуктан башка бир оорулар же жугуштуу оорулар менен ооруп калган учурда ал балдар атайын ооруканаларда же болбосо үйдө үй-бүлөлүк дарыгерлердин байкоосунда дарыланышат.

    Дары-дармекти ким каржылайт же ата-энелер өздөрү сатып алышабы жана кандай дарылар?

    Тилекке каршы, бюджеттин тартыштыгына байланыштуу дарыны ата-энелер өздөрү сатып алышат, бир курс дарыланууга бир жылга болгону 1 флакон «Изониазид»,- деген дары жетиштүү болот. Баасы 70 сомдон 100 сомго чейин, ичинде 100 даана таблетка бар. Ичүү мөөнөтү бир жылда 3 ай ичилет.

    Шаарда бул ооруну жуктуруп алышы мүмкүн,- деген балдардын саны азаюдабы, а эгерде көп болсо бул мекемеде орун жетиштүүбү?

    Бул жерде иргөө ыкмасы менен иш алып барабыз, тактап айтканда, сакайды деген балдар башка жактарга, денсоолугу таза балдар тарбияланып жаткан мекемелерге жиберилип, ошолордун ордуна алынат. Бирок балдарынын ден-соолугуна кайдыгер карабаган ата-энелер гана балдарын алып келет, ал эми көңүл бурулбай калгандар жок деп айтууга болбойт. Тилекке каршы, жылдан жылга көбөйүп да жатат.

    Жалпысынан алганда, акыркы жылдары балдарга бул оорунун алдын алуу максатында реакция манту (туберкулин) эмдөө жасалбай келет, себеби туберкулин өзү жок. Алгачкы белгилери балдарда билинбейт, аны билүүгө көбүнчө манту реакциясы жардам берет, текшерүүгө алынбаган балдар өтө көп табылат.

    Туберкулин өзү жок дегенди кандай түшүнсө болот же аны сатып алганга акча каражаты жокпу?

    Бул эмдөө каражаты Украина мамлекетиндеги фармакологиялык өндүрүш компанияларынан даярдалып чыгарылат. Мен муну биз жетиштүү камсыз болбогондон улам айтып жатам да, демек өкмөттүн бул маселеге бюджеттен акча каражатын бөлүү дарамети жетпей жатса керек деп ойлойм.

    Балдардын тамак-ашынын сапаты тууралуу дарыгер катары эмне деп айтасыз?

    Эми бул жерде 4 маал тамак берилет, бирок тамак-аштардын курамында белок, углевод, майлар стандартка толук жооп бербейт, бал, витаминдүү салаттар, жашылча-жемиштер үзүлбөй берилип турса жакшы болмок, анын үстүнө уйдун жаңы саалган сүтү жана андан жасалган азыктар менен да камсыз кылуу маселеси турат.

    Бул эмнеге байланыштуу?

    Бул эми баягы эле каржы маселесине байланыштуу да. Ошондой эле, мен бул жерде 1 ставкада иштейм, алып жаткан айлыгым дагы токтоп калды, медайым 0,5 ставкада иштейт. Азыркы учурда менин айлык акымды төлөп берүү боюнча шаардык кенештин төрагасына кат жүзүндө шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы сунуштап жатат. Буйруса бул маселе жакында оң жагына чечилип калат,-деген үмүттөмүн.

    Жалал-Абад шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дооронов Чырмаш Сапаровичке узатылган суроолорго жооптор мындай болду.

    Чырмаш Сапарович, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы катары, бул мекемеде балдарды дарылоо-тарбиялоо иштерин каржылоону кандайча мүнөздөйсүз?

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн 2009-жылдын 10-январдагы №1-буйругунун негизинде мектепке чейинки балдарды тарбиялоо мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринин мындай мекемелерге акча төлөөсү ай сайын 400 - 450 сомдун чегинде белгиленген, бул шаар боюнча 8 млн. сомду түзөт, жалпысынан шаардык кенештин сессиясында ар бир мекеменин бир жылга, 2011-жылга чыгашалар сметаларынын негизинде 16,5 млн. сом бөлүнгөн.

    Ал эми сөз жүрүп жаткан дал ушул мекеменин бир жылга, 2011-жылга чыгашалар сметасы 1 млн. 848 миң 153 сом деп бекитилген жана ушуга ылайык шаардык бюджеттен берилет. Бул балдардын тамак-ашы үчүн гана бөлүнгөн акча каражаты, кызматкерлердин айлык акылары, мектеп мугалимдерине сыяктуу эле, республикалык бюджеттин эсебинен, тактап айтканда, категориялык гранттан төлөнөт.

    Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын жоболоруна ылайык суммасы 500 миң сомдон жогору турган сатып алуу иштери тендердин негизинде жүргүзүлөт, ошондуктан бул мекемеге тамак-аш азыктарын сатып алаарда бул бакчанын башчысынын, шаардык санэпидстанциянын врачтарынын катышуусунда өткөрүлгөн тендерде жактырылган ишканалар тарабынан тамак-аш азыктары менен камсыз болот, буга бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты ошол ишканалардын эсебине чегерилип турат. Тендерде бекитилген бааларга, жогоруда аталган мыйзам жоболоруна ылайык, өзгөрүп турган базар баалары таасир эте албайт.

    Эми сүт азыктары боюнча айтсак, бизде мурдагыдай иштеген сүт заводдору жокко эсе, уй кармагандардан же сүт алып саткандардан алуунун өз дагы шектенүүнү пайда кылат, азыр саан уйлардын баарына эмдөө жүргүзүлгөнүнө ким кепилдик бере алат? Ошондуктан дагы порошок азыктарын алууга мажбурбуз.

    Негизинен бул мекемедеги муктаждыкты, керектөөнү мекеме башчысынын, тиешелүү кызматкерлеринин аныктоосу, тактап айтканда чыгашалар сметасы боюнча биз карап чыгып, жалпылап, шаардык мэриянын каржы бөлүмүнө билдиребиз, мунун негизинде бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.

    P.S. Бул макаланы «1-июнь балдарды коргоо күнүнө» карата даярдайын деп,-үлгүрө албадым, бирок макала кечиксе кечиксин, деги жан дүйнөсү тап-таза балакайларыбыздын ден-соолугу чың, өнөкөт оорулардан оолак, балалык доорлору, ылайым эле, бактылуу болсунчу деп,- тиледим.

    Эми балдарыбызды бал сыяктуу кубаттуулугу жогору азыктар менен кенен-чонон тойгуза албасак дагы, алардын бал тамган сөздөрүнөн бирөөнү, жакында эле «Балдар ФМ» радиосунан уккан мынабул ширин сөздү окуп коелу:

    Беш жашар кыз чоң атасынан «Чоңата шоколад жегиңиз келеби»,- деп сурайт. «Жоок кызым»,- деп жооп берет чоң атасы. Мындай жоопту уккан кызы чоң атасына минтип айтат: «Чоң ата, анда ушул суроону мага узатып көрүңүзчү»…

    Зирек Абдыкаарова,

    Жалал-Абад шаары

    2011-жылдын 7-июлу.

    Тел. (0773) 18-07-74

Бардык жаңылыктар