res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Жаңылыктар :: Жабыр тарткан дыйкандар төлөөдөн боштулат

  • 21 Июнь 2011

    Жабыр тарткан дыйкандар төлөөдөн боштулат

    Табигый кырсыктардан улам өзгөчө кырдаалдар орун алган учурга каржы мамилеси кандай болоору тууралуу сөз жүргүзүү үчүн Сузак районунун финансы бөлүмүнүн башчысы Абылкасымов Заирбек Абылкасымовичке төмөнкүдөй суроолор менен кайрылдым эле.

    Жергиликтүү бюджетти кабыл алып жатканда өзгөчө кырдаалдарга кандай көңүл бурулат, көбүнчө чукул кырдаалдар келип чыкканда акча каражаты тартыш болуп, аткарылып жаткан бюджеттин башка статьяларынан алып, калыбына келтирүүгө туура келет, дешет, ушуга токтолсоңуз?

    - 2011-жылы Сузак району боюнча жергиликтүү бюджетти кабыл алууда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн райондук бюджеттен райондук кеңештин депутаттарынын чечими менен 100,0 миң сом, айылдык кеңештердин депутаттарынын чечими менен ар бир айыл округунда 50,0 миң сомдон акча каражаты каралган. Ал эми чукул кырдаалдарга кездешкен учурда райондук жана айылдык кеңештердин сессияларында каралып, корголбогон статьялык чыгымдарды кыскартып, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жумшалышы мүмкүн.

    - Чукул кырдаалдардан тартылган зыяндардын ордун жабуу кайсы булактардын эсебинен ишке аша тургандыгын жана иш жүзүндө каржыланып жатканын цифралык көрсөткүчтөр менен айтсаңыз?

    - Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 28-статьясынын негизинде республикада же анын айрым жерлеринде өзгөчө абал орун алганда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзгөчө кырдаалга байланышкан иш-чараларды каржылоо багытындагы кошумча өзгөчө бюджетти бекитиши мүмкүн. Өзгөчө, бюджет боюнча чыгымдарын каржылоо үчүн кошумча салыктар, кошумча акылар, жыйымдар, төлөмдөр киргизилет.

    - Бул багытта резервдик фонд түзүлөбү, түзүлсө анын бюджеттеги пайыздык катышы канча?

    - Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 21-статьясынын негизинде өзалдынча башкаруу органдарында бюджеттин көлөмүнүн 1 пайызга чейинки өлчөмүндө резервдик фондулары түзүлгөн. Быйыл анын суммасы 1801,7 миң сомго түзүлүп, жалпы бюджеттин көлөмүнө салыштырмалуу 0,6 пайызды түзөт жана резервдик фонддун акчасын пайдалануу тиешелүү жобого ылайык өзгөчө кырдалдаардын алдын алууга резервдик фонддун каражаты катары жумшалат.

    - Кургакчылыктан зыян тартып жаткан дыйкандарга кандай жардам болот же алар салыктардан гана бошотулуп тим болушабы, эгерде андай болсо бюджеттин киреше бөлүгү канча пайызга азайды?

    - 2010-жылы жалпысынан кургакчылыктын айынан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдөрүнүн жакшы болбой калгандыгынын натыйжасында, райондун аймагындагы айылдык кеңештердиин сессияларында бул маселелер каралган. Алардын натыйжасында дыйкандар төлөөдөн бошотулган жер салыгы 488,0 миң сомго, ижара акы 1011,7 миң сомго барабар болду. Жалпысынан 1499,7 миң сомго жер салыгынан жана ижара төлөмдөрүнөн бошотулуп, бул сумманын жалпы кирешедеги үлүшү 2,6 пайызды түзөт.

    Зирек АБДЫКААРОВА, Жалал-Абад шаары

Бардык жаңылыктар