res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Клубдун жыйындары :: «Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары» деген аталыштагы МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН УЛУТТУК КОНКУРСУ

  • «Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары» деген аталыштагы МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН УЛУТТУК КОНКУРСУ

    «Өлкөнүн ресурстары – элдин ресурстары» деген аталыштагы  МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН УЛУТТУК КОНКУРСУ - 4 Ноябрь 2011 ,

    Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу «Кыргызстан-Сорос» Фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандын жарандык уюмдарынын демилгелерин колдоо аркылуу бюджеттин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкактарында, бардык ММКларда журналисттик иликтөөлөр жанрындагы материалдарды жана видеоматериалдарды даярдоого улуттук конкурс жарыялайт. Төмөнкү темалар сунуш кылынат: бюджеттин ачыктыгы, тоо-кен казып алуу тармагындагы, энергетикадагы жана донордук жардамдардагы проблемалардын ачылып берилиши жана анализи

    Себептер

    Бюджет – бул коомдук каражаттар. Биздин ар бирибиз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды каржылоого өз салымыбызды казынага ар кандай төлөмдөр аркылуу кошобуз. Бирок бардыгыбыз эле ал каражаттар кандайча сарпталып жаткандыгын биле бербейбиз. Бул туура эмес жана адилетсиз.

    Тоо-кен казып алуучу ишканалардын кирешелери биздин өлкөнүн жаратылыштык жер казыналарын пайдалануунун эсебинен алынат жана бардык зарыл чегерүүлөр бюджеттин кирешелерин түзөт, алардын өлчөмдөрү олуттуу. Бул ашкере пайдалануулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жарандар катары да, жер казынасынын менчик ээлери катары да, биз тоо-кен казып алуу тармагында эмнелер болуп жатканын: кирешелер жана чыгашалар, салык төлөмдөрү, кайрымдуулук ишмердүүлүктөрү, инвестициялар ж.б. жөнүндө билүүгө толук укуктуубуз.

    Донордук жардамбул башка өлкөлөр жана өкмөттөр Кыргызстанга жана анын жашоочуларына берип жатышкан каражаттар. Донордук жардамдардан ашкере пайдаланууга жана аларды натыйжасыз пайдаланууга бүткүл дүйнөдө жол берилбейт жана жактырылбайт.

    ММКлар аталган каражаттар кантип коротулуп жаткандыгы жөнүндө жарандарга маалымат бере алышат. ММКлар бул жарандарды процессти кантип контролдоону үйрөтө алышат. ММКлар журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп жана бул чөйрөдөгү аша чабуулардын системасынын жана айрым фактыларынын бетин ача алышат. Бул конкурстун милдети – ММКлардын ал темаларга кызыгуусуна түрткү берүү.

    Конкурсту өткөрүү тартиби

    Кыргыз Республикасынын басылмаларынын, эфирдик жана Интернет ММКларынын штаттык жана штаттан тышкаркы авторлоруна төмөндөгү темаларга жарыяланган же эфирге чыгарылган аналитикалык материалдардын жана журналисттик иликтөөлөрдүн топтомун берүү сунушталат:

    · 2012–жылдын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттери: биз алар тууралуу эмне билебиз

    · Бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы ачыктык (мамлекеттик кызмат, мамлекеттик сатып алуулар, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар)

    · Кен казып алуу тармагынын жана энергетиканын ачыктыгы

    · Донордук жардамдын ачыктыгы.

    Аналитикалык материалдар конкурстук комиссия тарабынан каралат, бирок журналисттик иликтөөлөргө артыкчылык берилет. Журналисттик иликтөө аналитикалык материалдан анда проблема жана анын коом үчүн кесепеттеринин анализи гана эмес, ошондой эле мыйзам бузуулар, коомчулуктан жашыруун кылмыш да ачыкталгандыгы менен айырмаланат.

    Ар бир автордон келип түшүүчү материалдардын саны чектелбейт. Конкурска катышкан бардык материалдар 2011-жылдын 1-сентябрынан 2012-жылдын 28-февралына чейинки аралыкта жарык көрүүсү же эфирге чыгуусу керек.

    Конкурстук материалдар кыргыз жана орус тилдерде кабыл алынат

    Жарык көргөн иликтөөлөрдүн бардык топтомдору (гезиттердин түп нускалары), электрондук билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрү, жарыкка чыккан күнү жана убактысы көрсөтүлгөн эфирдик тастыктама менен коштолгон видео- жана радиоматериалдардын көчүрмөлөрү 2012-жылдын 5-мартында саат 17.00гө чейин кабыл алынат.


    Конкурстук комиссия:

    1. Көз карандысыз экономикалык журналисттен,

    2. Жарандардын топторунун кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдун өкүлүнөн,

    3. Жарандардын кызыкчылыгын коргоо тармагында иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдун өкүлүнөн,

    4. «Ачык бюджет» Альянсы» ЮЖБсынын өкүлүнөн,

    5. Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубунун өкүлүнөн,

    6. «Кыргызстан-Сорос» Фондусунун өкүлүнөн

    түзүлүп, сынакка келип түшкөн материалдарды карап чыгып, сынактын жеңүүчүлөрүн 2012-жылдын 20-мартынан кечиктирбей аныктайт.

    Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби

    Конкурстун секретариаты болгон Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу материалдардын көчүрмөлөрүн басылманын (телекомпаниянын же сайттын) аталышын жана авторунун аты-жөнүн көрсөтпөстөн номер менен белгилеп туруп, комиссия мүчөлөрүнө берет. Сынактын ар бир катышуучусуна аныктоочу жеке код ыйгарылат. Жеңүүчүлөрдү жана байгени аныктоо сынактын катышуучуларына коюлган упайларды жалпылоо аркылуу дароо жүргүзүлөт. Эгер бир нече катышуучу бирдей упайга ээ болуп калышса, анда «Кыргызстандын жарандык коомунун уюмдарынын демилгелерин колдоо аркылуу бюджеттин ачыктыгын жана отчеттуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкактарында уюштурулган окутууга катышкан авторлор, ошондой эле өлкөбүздүн региондорунан катышкан авторлор артыкчылыкка ээ болушат.

    Тандап алуу критерийлери

    Сынакка катышкан бардык материалдар төмөндөгү критерийлердин негизинде каралмакчы:

    Критерий

    Критерийдин салымы

    1.

    Журналисттик иликтөөнүн элементтеринин болушу

    40 %

    2.

    Аналитиканын болушумезгилдерди салыштыруу, себептерин талдоо, кырдаалдын өнүгүүсүн прогноздоо

    20 %

    3.

    Бюджет чөйрөсүндө, кен казып алуу тармагында, энергетикада жана донордук жардамды талдоо, жарандардын, адистердин ж.б. ар түрдүү пикирлерин камтуу менен маанилүү жана актуалдуу проблеманы жеткиликтүү жана натыйжалуу түшүндүрүү.

    15 %

    4.

    Алдынкы тажрыйбаны (мисалы, жарандардын бюджеттик процесске катышуусун, кен казып алуучу ишканалардын ачыктыгына жетишүү үчүн башкаруу органдарынын демилгелерин) жайылтуу же терс тажрыйбаны (мисалы, коррупция, каражаттарды максатсыз же сабатсыз жумшоо фактыларын ачуу) талдоо жана алдын алуу.

    15 %

    5.

    Бири-бирин толуктаган жана конкреттүү тематикага арналган иликтөөлөөрдүн сериясы

    10 %

    Конкурстук комиссиянын чечими менен кошумча «алтын» упай аныкталган темаларды чагылдырууда кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарылышы мүмкүн. Бул салым сынакка арналган материалдардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөсү, аны менен катар эле бюджеттик темалар боюнча журналисттик терең иликтөөлөрдү жүргүзүү аркылуу да аныкталат.

    Байгелер

    Конкурстун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Байгелердин суммасы АКШ доллары менен көрсөтүлгөн, бирок ал каражаттар конкурстук комиссиянын чечиминин протоколуна кол коюлган күнгө карата КРнын Улуттук Банкы тарабынан белгиленген курс менен улуттук валюта – сом түрүндө берилет. Сыйлыктар төмөндөгү категориялар боюнча ыйгарылат:

    Атайын номинация «Өлкөнүн ресурстарыэлдин ресурстары» кыргыз тилинде»

    I орун 900 АКШ доллары

    II орун 650 АКШ доллары

    III орун 450 АКШ доллары

    Номинация боюнча жалпысынан: 2 000 АКШ доллары.

    Басылма ММКлар үчүн «Өлкөнүн ресурстарыэлдин ресурстары» номинациясындагы байгелер:

    I орун 900 АКШ доллары

    II орун 650 АКШ доллары

    III орун 450 АКШ доллары

    Номинация боюнча жалпысынан: 2 000 АКШ доллары.

    Эфирдик ММКлар үчүн «Өлкөнүн ресурстарыэлдин ресурстары» номинациясындагы байгелер:

    I орун 900 АКШ доллары

    II орун 650 АКШ доллары

    III орун 450 АКШ доллары

    Номинация боюнча жалпысынан: 2 000 АКШ доллары.

    Интернет-ММКлар үчүн «Өлкөнүн ресурстарыэлдин ресурстары» номинациясындагы байгелер:

    I орун 550 АКШ доллары

    II орун 350 АКШ доллары

    III орун 200 АКШ доллары

    Номинация боюнча жалпысынан: 1 100 АКШ доллары.

    Ошондой эле, жалпы суммасы 1 000 АКШ долларына барабар болгон ар бири 200 АКШ доллары өлчөмүндө беш кызыктыруучу (ар бир номинацияда экиден көп эмес) сыйлыкты ыйгаруу мүмкүнчүлүгү да каралган.

    Жалпы байге фонду – 2 000 + 2 000 + 2 000 + 1 100 + 1 000 + 1 900 (салык төлөмдөрү) = 10 000 АКШ доллары.

    Конкурстун уюштуруучулары сынакка келип түшкөн материалдардын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнөн улам, белгиленген байге фондун толугу менен пайдалануу же пайдаланбоо укугун өзүнө калтырат. Белгиленген байге фонду толук пайдаланылбай калган учурда, ал каражат кошумча байгелерге багытталат.

    Жеңүүчү авторлордун милдеттери

    Байгелер «Кыргызстандагы коомдук финансы жана ресурстар боюнча журналисттик иликтөөлөр: жетишкендиктер, кемчиликтер жана тоскоолдуктар» деген аталыштагы «Тегерек столдо» тапшырылат. Жеңүүчү деп табылган авторлор өз макалаларын аталган иш-чаранын катышуучуларына тааныштырып жана сынактык материалдарды даярдоодо эмнелерди билип, үйрөнгөндүгү тууралуу айтып берүүгө милдеттүү. «Тегерек столду» жана сыйлыктарды жеңүүчүлөргө расмий тапшыруу мааракесинин болжолдуу убактысы – 2012-жылдын март айынын аягы.

    Авторлордон бардык материалдарды конкурстун Секретариаты болгон Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубуна өздөрү алып келүүсүн же почта аркылуу төмөндөгү дарек боюнча: 720010, Бишкек ш., Москва көч, 172, жана электрондук почта аркылуу press@kse.kg же project@kse.kg Пресс-клубдун долбоорлорунун менеджери Айгуль Байышбаеванын наамына жөнөтүүсүн өтүнөбүз.

    Конкурстук материалдарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2012-жылдын 05-марты,

    саат 17.00.

Бардык жыйындар