res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Клубдун жыйындары :: Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу астында «Энергетикада, тоо-кен казып алууда жана донордук жардамда

  • Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу астында «Энергетикада, тоо-кен казып алууда жана донордук жардамда

     Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу   «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу астында  «Энергетикада, тоо-кен казып алууда жана донордук жардамда  Конференц-зал КФБ - 13 Октябрь 2011 ,

    Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу

    «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу астында

    «Энергетикада, тоо-кен казып алууда жана донордук жардамда

    журналисттик иликтөөлөр»

    долбоорун,

    ошондой эле CIPE колдоосу астында

    «Тармактык темаларды ММКларда чагылдыруу»

    ишембилик мектебин баштайт

    Катышууга иштеп жатышкан журналисттер, студенттер, ошондой эле Бишкектеги жана өлкөнүн бардык региондорундагы журналисттер – КФБнын Пресс-клубунун 2009 – 2010-жылдардагы катышуучулары чакырылат. Чет жактардан келишкен катышуучулардын жол киреси жана жашоо акысы төлөнүп берилет.

    Долбоордун алкактарында төмөнкү иш чаралар уюштурулат:

    1. Журналисттерди энергетика, тоо-кен казып алуу, донордук жардам тармактарында, башка тармактык темаларда төмөнкүлөрдү камтуу менен журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө интерактивдүү окутуу:

    1) негизги түшүнүктөрдү, процесстерди жана механизмдерди;

    2) болгон проблемаларды жана «талуу» жерлерди баяндоону;

    3) токтоосуз журналисттик иштеп чыгууну талап кылган актуалдуу бюджеттик темалардын тизмесин.

    Окутууну экономикалык журналистика боюнча сырткы эксперттин активдүү катышуусунда энергетика, тоо-кен казып алуу, донордук жардам, башка тармактар боюнча эксперттер жүргүзүшмөкчү.

    2. Журналисттерди төмөнкүлөрдү камтыган журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө интерактивдүү окутуу:

    1) журналисттик иликтөөлөрдүн экономикалык темаларга карата методдорун;

    2) бюджеттик статистиканы кошо алганда маалымат булактарынын тизмесин жана классификациясын;

    3) бюджеттик маалыматты окуу көндүмдөрүн иштеп чыгууну;

    4) окутуунун биринчи модулунда түзүлгөн темаларга негизделген материалдарды түзүү боюнча практикалык тапшырмаларды.

    Окутууну «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун ММКларды колдоо программасынын журналисттик иликтөөлөр боюнча долбоорунда иш тажырыйбасы бар экономикалык журналистика боюнча эксперти жүргүзөт.

    3. Алар журналисттерге темалар боюнча кошумча маалымат алууга жардам беришкен расмий адамдардын, көз карандысыз эксперттердин, башка ньюсмейкерлердин катышуусу менен Пресс-сессиялар (декабрь – февралда).

    4. Энергетика, тоо-кен казып алуу жана донордук жардам боюнча мыкты журналисттик иликтөөгө конкурс. Конкурстун сыйлык фондусу – 10 миң доллар. Конкурстун кеңири шарттары кошумча жарыяланмакчы. Конкурстун жыйынтыктары 2012-жылдын мартында чыгарылмакчы.

    Катышуу үчүн өз резюмеңизди жана долбоордун бардык иш чараларына катышуу мүмкүнчүлүгүңүздү тастыктооңузду төмөнкү дарекке жөнөтүүңүз керек: press@kse.kg же projects@kse.kg

    Регионалдык семинарларга катышууга билдирмелерди берүүнүн акыркы күнү – 2011-жылдын 10-ноябры.

    Бишкектеги ишембилик мектепке билдирмелерди берүүнүн акыркы күнү – 2011-жылдын 20-ноябры.

    Кошумча маалымат үчүн КФБнын Пресс-клубунун администраторуна төмөнкү телефон боюнча кайрылыңыз: (0312) 31-14-85 же (0557) 030-477 (Айгул Байышбаева).

Бардык жыйындар