res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Аналитика :: Саресеп: Акча – маалымат, маалымат – акча.

  • 30 Июнь 2010

    Саресеп: Акча – маалымат, маалымат – акча.

    Саресеп: Акча – маалымат, маалымат – акча.

    Кредитин төлөй албай, үйүн тарттырып жиберген адамдар да тилекке каршы аз эмес. Кудайга шүгүр, бүгүн элде каржы сабаттуулугу пайда болуп келатат. Бир эмес, бир нече жолу насыя алып, бутка тургандар көбөйдү. Арасында ийгиликке жеткени да, күйүп кеткени да өзүнүн жеке насыя тарыхына ээ деп айтсак болот.

    Айрым диндерде адамдардын оң жана терс кылыктарын периштелер жазып турат деп айтылат. Насыя чөйрөсүндө да дал ошондой сыяктуу, ар бир кредит алган адамдын, юридикалык жактын же ири ишкананын оң жана терс насыя тарыхы жазылып турат. Ал маалымат сакталган жай – кредиттик бюро деп аталат. Кыргызстанда булл багытта «Ишеним» аттуу кредиттик маалымат бюросу (КМБ) иш алып барат. Тактап айтканда, «Каржы-кредиттик мекемелердин ассоциациясы «Юридикалык жактардын бирикмеси кредиттик маалымат бюросу «Ишеним». Мындай татаал ат бул бирикмеге насыя берүүчү банктар, микрокредиттик уюмдар жана эл аралык мүчөлөр кирерин билдирет.

    1998-жылы Улуттук Банктын алкагында КМБ жаңы уюшулганда насыяны кайтарбай кеткендердин «кара тизмесин» тактоону баш максат кылган. Бара-бара өз алдынча уюшулган КМБ «Ишеним» үчүн оң тарыхы бар жактар тууралуу да маалымат бирдей чогултула баштаган. Мисалы, көп жолу насыя алып, аны тура, өз убагында мүчүлүшсүз кайтарганр үчүн кийинки жолу кайрылганда пайыздары азыраак, же документтерди караштыруу мөөнөтү кыска болушу мүмкүн. Жеке ишкердүүлүктү жоюп жатканда 22 банктын баарын кыдырып отурбай, «Ишенимден» банктарда карыздар жок экенин билдирген далил кагаз алса болот. Учурда «Ишенимге» 22 банк мүчө.

    Насыя берүү өнүккөн сайын тиричилик техника, билим алуу, саякат көпчүлүккө жеткиликтүү боло баштады. Албетте, бизде батыш өлкөлөрүндө болгондой баардыгы кредитке келбейт. Бирок ал жакта салт болуп калган насыя тарыхын оң деген баада сактоого азыртан көнө беришибиз керек. Келечекте бул маалымат сөзсүз таасирин тийгизет. Насыя тарыхын суроо же өз алдынча аны текшерип туруу кыргыздын тек сурашмай салты сыяктуу болуп калаарына ишенишибиз керек.

    Ааламдашуунун алкагында өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбалары биздин күнүмдүк турмушка аралашууда. Ийгиликтүү батыштын кредиттик бюролорунда болсо насыя тарыхына уюлдук байланыш төлөмдөрү, коммуналдык кызмат акысы, салыктар ж.б.у.с. төлөмдөр тууралуу да маалыматтар камтылат. Аларды карап туруп, кредиторлор насыя алган адамдын жалпы иштери кандай жүрүп жатканына көз салып турат. Тактап айтканда, адам болгон башка да милдеттерине кандайча мамиле кылары бааланат. Маселен, эгерде уюлдук байланыш төлөмдөрү кечиктириле баштаса, каржы мүчүлүштүктөргө кабылган деп тыянак чыгарса болот.

    Бизде да ушул багытта өнүгүү жүрүп жатат. «Ишеним» КМБнын аткаруучу директору Акжолтой Елебесованын айтымында, 1998-жылдан берки маалыматтар бар. «Насыя тарыхын жеке адамдар өздөрү, же насыя бере турган КМБ мүчөсү болгон уюм гана ала алат. Маалыматтар күнүгө жаңыртылып турат жана бекем сакталат. Ар бир маалымат өз баасына ээ. Кара тизмеге кирген насыя алуучулар суроосуз катталышы ыктымал, ал эми оң тарыхы барлар өз каалоосу менен катталат. Бизге мүчө болгондор ал маалыматтарды күндө жаңыртып турушат», - деп А.Елебесова кошумчалады. Кызыккандар толугураак маалыматты www.ishenim.kg сайтынан табууга болот.

    Мына окурман, биздин капчык тууралуу маалыматтын өзү эле киреше же чыгаша а лып келерин билдик. Толук маалымат ашыкча кепилдиктен сактайт. Насыя тарахыңар оң жазылсын!

    Нуржан АЛЫМКАНОВА

Бардык аналитика