res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Аналитика :: Экономикалылык турукташтыруу маселеси – мезгилдин талабы

  • 22 Июнь 2010

    Экономикалылык турукташтыруу маселеси – мезгилдин талабы

    Өлкөбүздүн экономикасынын акыбалы эгемендүүлүк алган жылдардан бери эле ич жылытпай келгенин жашырууга болбойт. Себеби, экономика тармагында ырааттуу иштер жүргүзүлгөн эмес. Буга мамлекетибиздеги завод-фабрикалардын кыйрашы, жумушсуздуктун күчөшү, миграция агымынын тынымсыз көбөйүшү, маянанын төмөндүгү жана коңшу мамлекеттердин экономикалык катнаштагы мамилелердин бир нукка түшпөгөндүгүн мисал кылсак жетиштүү болоор. Ушундай себептерден улам, өлкөбүздө экономикалык көрсөткүчтөр төмөн болуп келген. Албетте, экономика тармагынын мындай терс системасы мамлекетке олуттуу коркунуч жаратып келгенин ачык эле айтышыбыз керек. Ал эми бул көрүнүштөргө кошумча болуп, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылып, апрель окуяларынын тийгизген терс таасиринен улам, өлкөнүн (биринчи кезекте) экономикалык абалы кыйла жабыркоого учураганын четке кагууга болбойт.

    Учурда экономикалык абалды токтоосуз турукташтыруу - мезгилдин талабы болуп эсептелет. Биринчи кезекте, азык-түлүк коопсуздугу, ишкерлердин жана жеке менчик коопсуздук абалынын кыйын акыбалда. Ал эми айыл чарба-азыктарын экспорттоо маселеси тийиштүү түрдө чечилген эмес. Өткөн жылдарга караганда калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү кыйла төмөндөп кеткенин баса белгилеп айтууга болот. Албетте, бул маселе көпчүлүк адамдардын тапкан кирешесинин аздыгына түздөн-түз тиешелүү экендиги белгилүү. Экинчи зарыл маселе болуп калктын отун-энергетикалык комплексинин туруктуу иштешин камсыз кылуу, калкты арзан жарык менен, жана, ошондой эле, жылуулук менен камсыз кылуу маселелери курч бойдон калууда. Коңшу Өзбекстан мамлекети көгүлтүр отту, ал эми Казакстан менен Россиянын күйүүчү-майлоочу майды муктаждыкка жараша үзгүлүтүксүз берип турары да белгисиз. Үчүнчү, бюджеттин фискалдык туруктулуугу бүгүнкү күндө терең ойлондура турган көйгөй. Ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, тышкы соодадагы болуп жаткан чектөөлөр салыктык кирешенин бир кыйла азайышына алып келгени жашыруун эмес. Үй-бүлөлүк бийликтин пайдасына иш жүргүзүп келген Өнүктүрүү фондунун каражаттары, орусиялык кредитти эсепке алган күнү да, 2010-2011-жылдарда бюджеттин фискалдык, тактап айтканда, салык жыйноо туруктуулугу жөнүндө маселеси да оор бойдон калууда.

    Биздин ички экономикалык ресурстарыбыз жетишсиз болгондуктан, экономикабыз сөзсүз дүйнөлүк экономиканын абалына жараша өнүгөт. Азыр дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү карызга белчеден батып, натыйжада арзан ресурстарга болгон атаандаштык күч алып турат. Бул маселеден Кыргызстан да четте калган эмес. Ушул себептерден улам, жаңы бийликтин келишине чейинки негизги маселе, кызматтык кызыкчылыктарга жол бербөө, папка талашуу көрүнүштөрүнө чекит коюп, алгылыктуу иш-аракеттер менен кризиске каршы реалдуу программаны иштеп чыгуу зарыл. Ал эми ал программанын максаты - өлкөнү калыптандыруу этабына алып келе турган социалдык-экономикалык стабилдүүлүккө багыт берүүсү талапка ылайык.

    Жаңы бийлик канткенде, кандай иш-аракеттер менен экономиканы башкарууну жолго салып, кантип энергетикалык, бюджеттик, финансылык, азык-түлүктүк коопсуздукту камсыз кыла алат, ушундай кыйын кырдаалда кантип ишкердик активдүүлүктү күчөтө алабыз деген суроолорго жооп издеши керек.

    Экономиканы башкарууну натыйжалуу колго алуу үчүн, Убактылуу Өкмөт өзүнүн экономикалык саясый планын тез арада иштеп чыгып, элге маалымдоосу абзел. Ушундай максаттуу иш-аракеттер дүйнөнүн ар тарабынан агылган донорлордун өлкөгө кошумча каражат алып келүүсүнө шарт түзөрүн ишенимдүү айтса болот. Бул иш-аракеттер аткарылбай турган болсо, экономиканы натыйжалуу башкаруу жана калктын калктын катмарын ишендирүү мүмкүн эмес.

    Эгерде бийлик ар бир ай сайын экономиканын ар тармагы боюнча тереңден анализ жүргүзүп, бюджеттин негизи киреше, чыгашасын эсептеп турбаса, бюджеттин коопсуздук маселесин талаптагыдай камсыз кылуу мүмкүн болбой кала турган иш. Казынанын киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн, буга чейин белгилүү болуп келгендей, салык, бажы органдарынын иштөө эффективдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Кирешелүү деп саналган ичимдик, тамеки, энергетика тармактарына, күйүүчү май айлантууга, казинолорго болгон көзөмөлдү күчөтүү маселесин из жүзүнө ашыруу зарыл. Ал эми каржы коопсуздугундагы негизги көңүл бура турган башкы маселе - бул коммерциялык банктардын, кичи финансылык уюмдардын жыл аягына чейинки бизнес-пландарын тактоо болуп эсептелинет. Бийлик финансылык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, биринчи кезекте финансы рыногундагы кырдаалды, коммерциялык банктардын ишин ММКларга чагылдырууну активдештирүүнү колго алуусу зарыл.

    Айбек Шамшыкеев

Бардык аналитика