res=kg Кыргыз фондулук биржасынын Пресс-клубу :: Бардыгы үчүн экономика :: Июнь окуясында жабыркагандар мамлекеттик дирекциядан жардам алуудан баш тартышкан

  • 17 Июнь 2011

    Июнь окуясында жабыркагандар мамлекеттик дирекциядан жардам алуудан баш тартышкан

    Июнь окуясында жабыркагандар мамлекеттик дирекциядан жардам алуудан баш тартышкан

    Коогалаңдуу Ош окуясына 1 жыл болду. Өткөн убакыт анчалык узак эмес болгону менен кайгылуу окуялар жана көп сандагы адамдардын курман болушу, жабырланышы менен коштолду. Бирок, ушул учурда түзүлгөн кырдаалды эске алсак, ар бир саат, ар бир күн жана ар бир ай көп нерсени чечип жатты. Мамлекет тарабынан ар бир кабыл алынган чечим кыргыз жарандарынын тынчтыкка жана бейпилдикке үндөдү. Кыргыз-өзбек улуттарынын ынтымакчылыгы үчүн Ош, Жалал-Абад облустарынын ар бир райондорунда түлөөлөр, достоштуруулар өткөрүлүп жатты. Андан сырткары өрттөлгөн үйлөрдү, имараттарды, бузулган жолдорду тез арада калыбына келтирүү максатында КРнын Өкмөтү өлкөнүн түштүгүндө Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түздү.

    Өлкөнүн жетекчилиги муну менен Ош шаарын, Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис, масштабдуу жана жооптуу жумуштарды өзүнүн жакын арадагы приоритетүү багыты деп аныктап, олуттуу ишке киришкен. 2010-жылдын июль-августунда мамлекеттик дирекциянын демилгеси боюнча КРнын Өкмөтүнүн 12-токтому кабыл алынды, алар калыбына келтирүү укуктук базаны жана иштөө шарттарын түзүштү. Баарыбызга белгилүү мамлекеттик дирекция өз ишин көптөгөн адамдар үйсүз жана жашоого каражатсыз калып, ал эми айрымдары өздөрүнүн жакындарынан айрылып турган өтө татаал учурда баштаган. Ошол учурда мамлекетибизде саясий абал туруксуз жана бюджетте акча каражаты жетишсиз болчу. Ошондуктан, Ош шаарын, Ош жана Жала-Абад облустарында жеке менчик турак үйлөрдү курууга кошумча каражат табуу үчүн КРнын Өкмөтү активдүү иш жүргүздү. Атап айтканда, 2010-жылдын 27-июлунда Бишкек шаарында жогорку деңгээлдеги эл аралык донорлук конференция өткөрүлдү. Конференциянын жыйынтыгында Кыргызстан менен дипломатиялык байланышы бар өлкөлөр республикабыздагы бюджеттин өтө чоң дефициттин жабуу, абалды оңдоо, демократияны чыңдоо жана экономикалык коньюктураны жандандыруу, бузулган обьектерди, инфрастуруктураны калыбына келтирүү ошондой эле андан ары жакшыртып өнүктүрүү үчүн эки жарым жылдын ичинде 1 млрд.156 млн. АКШ долларын бөлүп берүүгө макул болушту. Бул каражат түштүккө эле эмес бүткүл өлкөгө каржыланаарын белгилеп коюу зарыл.

    БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссарынын башкармасынын (UNHCR), Кызыл Крест эл аралык Комитетинин, Качкындар боюнча Дания Кеңешинин, USAIDдин ACTEDдин, CRSтин WEPтин, Казакстан Республикасынын, АКШнын жана Япониянын Өкмөттөрүнүн финансылык колдоосунда донорлор менен узак сүйлөшүүлөрдөн кийин өтмөк үйлөрдү куруу иштери жүргүзүлө баштады. Мамдирекцияга жана донорлорго жеке менчик үйлөрдү куруунун биринчи этабын бүтүрүүдө көптөгөн тоскоолдуктар болуп, үйлөрдү курууга каршы чыккандар болду. Бирок алардын эч кимиси өтмөк (жашоо аянтты 28 жана 42 чарчы м. түзөт. 28 чарчы аянтты 7 кишиден турган үй-бүлөгө, ал эми 42 м.лик 7 кишиден ашык үй-бүлөгө курулат) үйдүн альтернативдик вариантын сунуш кылышкан эмес.

    Биринчи этапка ылайык, жеке үйлөрдү куруу Жалал-Абад облусунан башталган. Себеби, региондо этностор аралык тынчтыкка жана көтөрүмдүүлүккө жетишүүдө айрым жылыштар болду. Ошондуктан, биринчи этап 2010-жылы августь айынын жарымынан кийин ишке аша баштады. Ал эми өтмөк үйлөрдү куруу боюнча экинчи этап Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Ош шаарында ишке ашырылган. Ал жерде ишти дароо баштоо мүмкүндүк болбогон, анткени регион июнь окуяларында көбүрөөк зыян тартып жана жабыркаган үй-бүлөлөрдүн күйүттөрү сууй элек болчу. Ошондуктан, турак-жайлардан калган таштандыларды ташып чыгуу көп кечигип, сентябрь айында башталган. Анын үстүнө турак-жайлардын калдыктарын ташып чыгуу мамдирекция, шаардын жергиликтүү бийлиги менен мэриясына чоң проблемаларды жаратты. Жыш жайгашкан үйлөрдүн калдыктарын тар көчөлөрдө ташып, унаалардын жүрүшүнө абдан кыйынчылык туудурган.

    Үчүнчү этаптын алкагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул биринчи этап менен бир мезгилде иш жүзүнө аша баштаган.

    «Кыбыраган кырышат» демекчи учурда Ош шаарында 11 көп кабаттуу (737батир), Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө 128 батирлүү 16 кабат, Моторная көчөсүндө 125 батирлүү 5 кабат, Д.Садырбаев көчөсүндө 30 батирлүү 5 кабат, Р.Абдыкадыров көчөсүндө 24 батирлүү 4 кабат, «Достук» микрорайонунда 64 батирлүү 4 кабат, «Анар-16» микрорайонунда 60 батирлүү 5 кабат, «Анар-17» микрорайонунда 40 батирлүү 5 кабат, И.Раззаков көчөсүндө 75 батирлүү 5 кабат жана 40 батирлүү 5 кабат, А.Масалиев көчөсүндө 70 батирлүү 5 кабат үйлөр жана ИИБ ЖКББ жана РЭО администрациялык имараты курулууда алардын бүткөрүү даталары да ушул жылга белгиленип, айрымдары бүткөрүлгөн. Ошондой эле Жалал- Абад облусунда да Жалал-Абад шаарынын «Көк-Арт» микрорайонунда Моледожная көчөсүндө 60 батирлүү 5 кабат, Базар-Коргон айылында эки кабаттуу административдик ишкана 1-кабатында райондук архив жана райондук салык кызматын жайгаштыруу менен 8 батирлүү 2 кабат, 16 батирлүү 2 кабат үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Мындан сырткары бир топ мектептер, имараттар жабыркаган облустарда курулууда.

    Андан сырткары мамдирекциянын демилгеси боюнча СЯS донор уюмунун колдоосу менен көп балалуу 168 үй-бүлөгө 1 жана 3 бөлмөлүү панель үйлөр тургузулду.

    Чындыгында мамдирекциянын аткарган иштери айтаарга арзырлык. Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын (ЖТРК) имараты июнь окуясында ыйлагыдай абалга келгени баарыбызга белгилүү. Бирок, ага капиталдык ремонтоо иштери жүргүзүлүп, 2010-жылдын 8-декабрында ишке киргизилип, ачылыш аземи өтүп, сапаттуу техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театры, «Семетей» кинотеатры, Р.Абдыкадыров атындагы Ош улуттук филармониясы, Бабур атындагы драмтеатры капиталдык ремонттон толугу менен өткөрүлгөн.

    Мамдирекцияга дагы бир көйгөйлүү учурду жараткан ар кандай таратылган ушуктар жана маалыматтык кысым сыяктуу көрүнүштөр болду. Алардын ар бир иш-аракетти ар кандай жалган ушук-айыңдар менен коштолуп, кандайдыр бир күчтөр, башталган ишти кыйынчылыкка туштуктуруп, калк арасында ишенбөөчүлүктү жаратууга аркет кылышты. Мисалдасак, КРнын Өкмөтү «Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында обьектерди курууда жана калыбына келтирүүдө жабыр тарткан адамдарга мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» токтом кабыл алынган. Бул токтомго ылайык жабыр тарткан үй-бүлөлөр жалпы аянтты 100 кв. метрге чейин болгон турак үйлөрүн калыбына келтирүү жана курууга 200 миң сом пайызсыз узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуданы ыктыярдуу түрдө ала алышат. Ссуда 20 жылга төлөмдөрдүн мөөнөтүн үч жылга узартуу менен берилет. Жабыр тартуучу ссуда алуудан баш тарткан учурда ага жогоруда аталган токтомго ылайык 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам сунушталат. Мамдирекциянын ишинде дал ушул ссуда жана кайтарымсыз жардам берүү баарынан көбүрөөк кыйынчылыктарды жараткан. Ссуданын жана компенсациянын өлчөмү жер титирөөнүн, жер көчкүнүн жана селдердин натыйжасында жабыр тарткан үй-бүлөлөргө 200 миң сомдон ссуда жана 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилүү мурунку жылдардагы тажрыйбадан алынган. Акыркы ушундай жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн саны бүткүл республика боюнча 8 миңден ашкан. Тилекке каршы, мындай үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулбагандыктан ссуда жана кайтарымсыз компенсация берилген эмес. Ушуга байланыштуу мамдирекцияга бир нече жолу келген мурда жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандардын сунуштары, талаптары боюнча туруктуулукту сактоо жана чыр-чатактуу жагдайларды күчөтпөө максатында ушул үй-бүлөлөргө да ссуда берүү колго алынган. Ал эми июнь окуяларындагы жабыр тарткан үй-бүлөлөргө каржылоо маселеси чечилгенден кийин алардын басымдуу көпчүлүгү ссуда алуудан баш тартышкан. Атүгүл, 50 миң сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз жардамды алууну да каалашпаган. Жабыр тарткан адамдардын бир кыйласы мамдирекциянын эксперттери менен ссуда жана кайтарымсыз жардам темасында аларды этибарга албай, сүйлөшүшкөн эмес. Андан сырткары ссуда жана кайтарымсыз жардам алууга макул болгон жабыркаган киши эртеси макулдугун бербей койгону көп кездешкен. Мындай тенденция жабыр тартуучулар менен мамдирекциянын ортосунда кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар болгон үчүнчү күчтүн бар экендигин далилдеп турат. Ошондой болсо да убакыттын өтүшү жана тынымсыз иш-аракеттин негизинде мамдирекция алты айдын ичинде ссуданы, кайтарымсыз жардамды берүү процессин баштап, нормалдуу нукка түшкөн. Алсак, 2011-жылдын 4-январына карата жабыр тарткан 1688 үй-бүлө мамлекеттен 120 млн. 300 миң сом суммадагы жеңилдетилген ссуда жана кайтарымсыз жардам алышкан. Жалал-Абад облусунда 171 үй-бүлө ссуда, ал эми 256 үй-бүлө кайтарымсыз жардам, Ош облусунда 44 үй-бүлө ссуда, ал эми 586 үй-бүлөлөр кайтарымсыз жардам алышкан. Жалпысынан алганда 1688 үй-бүлөнүн ичинен 261и 20 жылга чейинки мөөнөт менен пайызсыз узак мөөнөттүү ссуда , ал эми 1427си 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам алышты. Жеңилдетилген ссуданы берүү бир нече транштан турат, ал үйдүн тигил же бул бөлүгү курулганына жараша берилди. Ушул учурда бир топ көп кабаттуу үйлөр бүткөрүлүп, жашоого даяр болуп калды. Жабыркаган шаарларды калыбына келтирүү жана көрктөндүрүү иштери толугу менен бүткөрүлө элек болсо да аз убакыттын ичинде бир топ көңүлгө толорлук иштер аткарылды.

Бардык документтер